Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.07.2019 13:19 На русском

Көкөмерен суусуна аккан унаанын кырсыкка чейинки акыркы мүнөттөрү. Күбөлөрдүн сөзү

Көкөмерен суусу
Көкөмерен суусу

Turmush -  Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унааны издөө иштери уланууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 2-июлда саат 06:30да издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 19, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 2, Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5, суучулдар кызматынан 4, жалпы 30 куткаруучу жана туугандары тарабынан 20 адам чыккан.

«Унаанын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Учурда ИИМ тарабынан такталууда», - деп билдиришти.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, унаа алгач жарды сүзүп, андан соң сууга кулаган.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндөгү Тунук айылынын тургуну Шаршенбек Аманов: «Мен өзүм жолдо иштейм. Бир айдан бери жолду оңдоп-түздөп, майрамга даярдап жүрдүк. 30-июнь күнү Кызыл-Ой айылынан кызматтык унаа менен биздин кесиптештер келишти. Өң-алеттен кетип, ушундай жаман кырсык болду деп айтып калышты.

Биз тарапта айланма жол бар. Анын аймагында суу шар аккан жана кууш жери бар. Ошол жолдон Кожомкулга чейин 27 чакырым аралык. Кесиптештерибиз ушул жерде бара жатканда алардын унаасын бир автоунаа ашып өтүп, чайпалып барып жарды сүзүптүр. Андан соң тумшугу менен сууга кирип кетиптир.

арал

Шар суу унааны агызганда эле ичинен үч киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин унаадан чыккан кишилер, унаа дагы үч-төрт жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар чыга баштаган экен.

Биз милиция кызматкерлерине, куткаруучуларга билдирдик. Суу азыр кирип турган учуру. Ал жерден унааны жай айдаш керек. Мурун бул жерден 2-3 жолу кырсык катталган», - деди.

--------------------------------------------------------------

Буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин кызы Индира «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, 1992-жылы туулган бир тууганы (эркек) жана кызы болгондугун билдирген.

«30-июнь күнү атам, апам, бир тууганым (эркек) жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районунан сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», - деди ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 30-июнунда Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти көзөмөлгө алган Жайыл РИИБдин кызматкерлерине Көкөмерен дарыясына унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, ал жердеги адамдардан кырсыктын чоо-жайын аныктоого аракет кылышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Ошондой эле «102» кызматына Нарын облусунун Ат-Башы районунан ушул жылдын 30-июнунда болжол менен саат 04:00 чамасында ак түстөгү автоунаа Суусамырга чыгып, бирок ушул күнгө чейин унаанын жана андагы адамдардын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

--------------------------------------------------------------

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткен. Унааны издөө иштери жүрүп жаткандыгын ӨКМден тастыкташты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 30-июнунда саат 10:00 чамасында Жайыл РИИБге Көкөмерен суусуна автоунаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. 1-июлда 13:00дө курамын 8 адам түзгөн куткаруучулар тобу, ошондой эле Жайыл районунан 4 куткаруучу кырсык катталган аймакка барып, издөө ишин улантышты.

Аталган унаа Ат-Башы районунан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жаткан.

29-30-июнь күндөрү Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×