Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 06.07.2019 14:05 На русском

Айыл турмушу: Шаарда жашаган Бактыгүл апа мал багып, териден көлдөлөңдөрдү жасап келет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 73 жаштагы тургуну Дакаева Бактыгүл апа койдун терисинен көлдөлөңдөрдү жасайт. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Анын айтымында, Талас районунун Чат-Базар айылында төрөлгөн. 1966-жылы жолдошу Шайлоо Жээнбаев экөө баш кошуп, Көк-Токой айылына келип болуп келген.

«Турмушка чыккан жылдары эле Ленин колхозунда саанчы болуп иштегем. Сүт фермада 1995-жылга чейин 29 жыл иштедим. Жолдошум экөөбүз чогуу жашап баштагандан тарта эле мал менен алек болгонбуз. Азыркыга чейин фермабызда уй, кой, жылкы кармайбыз. Мал багуунун дагы азабы бар. Күнү-түнү карап, козуларга кол менен сүт бериш керек.

Өзүмдүн балдарымды багышканга кайын энем чоң жардам берген. Өзү жоош адам эле. 5 баламды тең багууга жардам берип, оокат-ашты каралашып жүрдү.

Тоого көчүп баргандан кийин 2 боз үй тигип отурчубуз. Мал багып отурган соң чыккан жүнүн, терисин ыргыта албайсың. Кол өнөрчүлүк менен алектенүү ошондо, жаңы келин болгондо эле башталган. Ысырап болбой, буюм болуп калсын деп жүндөн төшөк, кийиз жасачубуз. Терини ашатып, көлдөлөң төшөктөрдү жасап калдым. Жүн менен иштөөнү келиндериме үйрөттүм. 2 келинимдин тең колунан баары келет. Жасаган төшөктөрүмдү сатыкка койгон жокмун. Бир нече жолу көргөзмөлөргө чыгарганбыз. Айрыкча оюм түшүрүлгөн көлдөлөңгө суктангандар көп болгон», - деди ал.

Чебер апа 3 кыз, 2 уулду өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×