Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.07.2019 10:50

«Штаб түзүлдү»: Суусамырда жоголгон аппарат жетекчи Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү изделүүдө

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө иштери боюнча штаб түзүлгөндүгүн аталган түзүмдөн билдиришти.

1431765.1.1518589279

Учурда Чүй облусунун башчысынын орун басары Элкинбек Ашыралиев да издөө иштерине катышууда.

«3 күндөн бери Чүй жана Нарын облустук күч түзүмдөрү, ӨКМдин куткаруучулары чогуу иштеп жатышат. Беловодск айылындагы аскер бөлүктүн аскерлери жана жергиликтүү эл да издөө иштерине катышууда. Бардык тиешелүү иш-чаралар максималдуу түрдө аткарылууда. Кошумча маалымат берилет», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

-------------------------------------------------------

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 2-июлда саат 06:30да издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 19, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 2, Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5, суучулдар кызматынан 4, жалпы 30 куткаруучу жана туугандары тарабынан 20 адам чыккан.

«Унаанын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Учурда ИИМ тарабынан такталууда», - деп билдиришти.

Ал эми өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин кызы Индира «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, 1992-жылы туулган бир тууганы (эркек) жана кызы болгондугун билдирди.

«30-июнь күнү атам, апам, бир тууганым (эркек) жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районуна жеткенде сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», - деди ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 30-июнунда Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти көзөмөлгө алган Жайыл РИИБдин кызматкерлерине Көкөмерен дарыясына унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, ал жердеги адамдардан кырсыктын чоо-жайын аныктоого аракет кылышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Ошондой эле «102» кызматына Нарын облусунун Ат-Башы районунан ушул жылдын 30-июнунда болжол менен саат 04:00 чамасында ак түстөгү автоунаа Суусамырга чыгып, бирок ушул күнгө чейин унаанын жана андагы адамдардын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

---------------------------------------------------------------

Буга чейин Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткендиги маалымдалган. Унааны издөө иштери жүрүп жаткандыгын ӨКМден тастыкташты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 30-июнунда саат 10:00 чамасында Жайыл РИИБге Көкөмерен суусуна автоунаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. 1-июлда 13:00дө курамын 8 адам түзгөн куткаруучулар тобу, ошондой эле Жайыл районунун 4 куткаруучусу кырсык катталган аймакка барып, издөө ишин улантышты.

Аталган унаа Ат-Башы районунан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жаткан. Унаанын ичинде болжол менен 5 адам болгону айтылууда.

29-30-июнь күндөрү Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×