Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАк-Талаа району 02.07.2019 08:30

Айыл турмушу: Б.Кубатбекова буйрутма менен боз үйдүн кооздуктарын жасайт (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 63 жаштагы тургуну Бүбүажар Кубатбаева мектепти бүткөндөн бери кыргыз буюмдарын жасап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Мурда кийим тигүүчү цехте иштеген. Учурда боз үйгө керектүү буюмдарды буйрутма менен жасайт.

«Мен бала кезимден эле кол өнөрчүлүк менен алектенем. Буга чейин сувенир жасап сатчумун. Азыр көбүнчө боз үйдүн буюмдарын жасайм. Чий чырмайм, боосун согом, шырдагын жасайм. Кыздын себине берүүчү шырдактарды дагы жасайм. Оймо-чийме салынган жер төшөктөрдү жасайм, курак курайм, сайма саям. Болжол менен 1 шырдакты 20 миң сомго жасайм. Эң кымбат шырдагым боз үйлөрдүкү болот. Боз үйгө арнап соккон чийдин эң узуну 9 метрге жетсе, 1 канат боз үйдүн чийи 18 метр. Ошондо 2 канат чий 9 метрден болуп калат. Учурда кыргыз шырдагына колдоо керек.

Кыздын себи жууркан, төшөгү менен 50 миң сомго чейин барат. Кыздарыма колумдан келишинче жасап берип жатам. Ар кандай кардарлар болот. Кээ бир адамдар өнөрдү жакшы баалашат. Кээ бири баалабай дагы коюшат. Акча үчүн жалданып калгандай көрүп коёт. Кээ бирине кубандым, кээ бирнен ыза болуп калдым. Жакшы жасасаң гана буйрутма көп болот. Оймо-чиймени дагы көлөмүнө жараша өзүм түшүрөм», - деди ал.

Бүбүажар айым 2 кыз, 3 уул, 7 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×