Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 01.07.2019 23:07 На русском

Кожомкулдун 130 жылдыгы: Тойго келе жаткан унаа Көкөмерен суусуна түшүп кетти

Көкө-Мерен суусу
Көкө-Мерен суусу

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында, алдын ала маалыматтар боюнча, жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кетти.

Унааны издөө иштери жүрүп жаткандыгын ӨКМден тастыкташты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 30-июнунда саат 10:00 чамасында Жайыл РИИБге Көкөмерен суусуна автоунаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган.

Бүгүн, 1-июлда 13:00дө курамын 8 адам түзгөн куткаруучулар тобу, ошондой эле Жайыл районунун 4 куткаруучусу кырсык катталган аймакка барып, издөө ишин улантышты.

Аталган унаа Ат-Башы районунан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жаткан. Унаанын ичинде болжол менен 5 адам болгону айтылууда.

29-30-июнь күндөрү Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×