Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 01.07.2019 20:10

Нарын шаарында ынтымакты бекемдөө үчүн кичи футболдук мелдеш уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарында жаштардын ынтымагын бекемдөө үчүн спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын Ак-Коргон чөлкөмүнүн жаштары арасында кичи футболдук мелдеш өткөрүлдү. Ага 1976-жылдан 2000-жылга чейин туулган жигиттерден куралган командалар катышты. Жыйынтыгында 1976-жылы туулган жигиттердин командасы 1-орунду ээлеп, кубок жана 8 миң сомдук байгеге ээ болушту. 2-орунга 1986-жылы туулган жигиттер ээ болушуп, 5 миң сом, ал эми 3-орунду 1990-жылы туулган жигиттер жеңип, 3 миң сом сыйлыкка ээ болушту. Мындан тышкары мелдеште активдүүлүгүн көрсөткөндөргө баалуу белектер жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, уюштуруучулар — 1990-жылкы жигиттер эстафетаны 1991-жылы төрөлгөндөргө өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×