Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Баткен 01.07.2019 17:40

Баткенде 1 күндө 2 уурулук, 4 алдамчылык фактынын бети ачылды

Turmush -  25-июнда Баткен облусунда 1 күндө 2 уурулук, 4 алдамчылык фактынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, Баткен облус аймагында 1 күндүк «Издөө» операциясы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 2 уурулук, 4 алдамчылык фактынын бети ачылды. Бул өткөрүлгөн операцияга жалпысынан 400гө жакын милиция кызматкерлери тартылды.

Ошондой эле 2 адамдын белгисиз жагдайда жүргөн жерлери аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Кадамжай районунан издөөдө жүргөн 1 адам Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун Кара-Шоро жайлоосундагы көмүр казуучу жайдан кармалып келинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×