Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.07.2019 16:16 На русском

Россиянын «ДДТ» тобу Канттын тургундарына концерт тартуулады

Turmush -  2019-жылдын 30-июнь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында Россиянын белгилүү «ДДТ» тобунун концерти болду.

Буга чейин «ДДТ» тобунун ырчысы Юрий Шевчук Бишкек шаарына концерт койгон. Ал Кант шаарына аскер кызматкерлеринин чакыруусу менен барды.

Кант шаарындагы аба базанын маданий клубунда аталган топтун концертин көрүү үчүн аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, чакырылган коноктор келишти. Кант шаарынан концертке келгендердин саны көп болгондуктан көбү туруп көрүштү. «ДДТ» тобунун репертуарындагы бардык чыгармалар жаңырып, элди көңүлүн көтөрдү. Концерт аяктагандан кийин топтун мүчөлөрү менен каалоочулар сүрөткө түшүп, кол тамгасын алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×