Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 01.07.2019 16:23 Жаңыланды: 02.07.2019 14:38 На русском

«Атып салам»: Жаш балдарды тапанча менен коркуткан адамга 2 баласын, карыган апасын багуу милдеттендирилди

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  14-февралдан 15-февралга караган түнү Талас шаарында өспүрүмдөргө тапанча такап, «атып салам» деп коркутууга шектелген 1982-жылы туулган Нурбек (аты өзгөртүлдү Н.С., каймана аты «Куудул») 24-июнда сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучу ким?

37 жаштагы Нурбек (аты өзгөртүлдү, Н.С.) Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Автосалондо кароолчу болуп иштейт. Мурда уурдоо жана ээнбаштык беренелери менен соттолгон.

Эмнеге айыпталууда?

Нурбек 2019-жылдын 14-февралынан 15-февралына караган түнү саат 01:30 чамасында Талас шаарындагы тез тамактануучу жайдын алдында турган өспүрүм балдардын жанына колуна бычак кармап басып келген. Ал келген учурда балдардын бири — 17 жаштагы Асылбек (аты өзгөртүлдү, Ж.А.Б.) өзүн коргоо максатында аны бет тарапка муштуму менен бир уруп, өзү качып кеткен. Нурбек чөнтөгүнөн тапанча алып чыгып, белгисиз тарапка аткан. Андан кийин ошол жерде турган тамактануучу жайдын кызматкерлери — 17 жаштагы Кадырбек (аты өзгөртүлдү) менен 16 жаштагы Султанбекти (аты өзгөртүлдү) кубалаган. Андан соң Асылбекти (аты өзгөртүлдү) кубалап, тез тамактануучу жайга кирип келип, эшигин тепкилеп сындырган. Ошол жерде иштеген 19 жаштагы Байбек (аты өзгөртүлдү) Нурбектин артынан кирип келген. Бирок ага тапанча такап, «атып салам» деп коркутуп, экинчи эшик аркылуу Асылбектин артынан чыккан. Сыртка чыга калып тапанча менен бир жолу белгисиз тарапка аткан. Нурбектин мындай аракетинен улам тез тамактануучу жайдын ээси Эдилбай (аты өзгөртүлдү) 10 миң сомдук материалдык зыян тарткан. Тергөөнүн жүрүшүндө зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Нурбек өзү эмне дейт?

Нурбек соттук отурумда ал күнү мас болгонун айтып, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал бейбаштыкты мас болуп жасаганын, жасаган аракеттерине чын жүрөктөн өкүнөрүн билдирди. Бирок тапанча көтөрүп жүргөнүн мойнуна алган жок. Ал жабырлануучулардан кечирим сурап, соттон эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берүүнү суранды.

Сотто Нурбектин жактоочусу да ага эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза белгилөөнү суранды.

Тез тамактануучу жайды иштеткен жигит эмне дейт?

Сотто Эдилбай (аты өзгөртүлдү) аталган жайды ижарага алып иштетип жүргөндүгүн белгиледи. 14-февралдан 15-февралга караган түнү саат 24:00 чамасына чейин жумушунда болуп, андан кийин ал жерде иштеген Байбек менен анын шеригин түнкү мөөнөткө калтырып кеткен. Саат 01:30 чамасында бейтааныш, мас киши келип, тапанча менен балдарды коркутуп, тамактануучу жайдын эшигин сындырып салган. Ага бул окуя тууралуу аталган жайда иштегендер айткан. Өзү окуя болгон учурда ал жерде болгон эмес. Ал келтирилген зыяндын орду толугу менен өндүрүлгөндүгүн жана айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экендигин айтты.

Асылбек эмне дейт?

Асылбек ошол күнү кечинде апасы ооруп калганын, ошол себептен дарыканага дары алайын деп барганын айтты. Жолдо бара жатканда айыпталуучу Нурбек мас болуп, артынан келгенин билдирди. Ал анын жанына келип сөгүнгөндө коркконунан аны уруп жиберип, андан кийин качып кеткенин белгиледи. Бирок башка эч нерсе билбегенин жана ок атуучу куралды көрбөгөнүн, атылган октун үнүн укпаганын айтып берди.

Султанбек эмне дейт?

Султанбек окуя болгон түнү дос баласы айыпталуучуну уруп качып кеткенин айтты. Дос баласы экөө турган жерде айыпталуучу эшикти жаап жатканын гана көргөн. Калганы эсинде жок экенин, ошол күнү стресс болуп, окуяны унутуп калганын билдирди. Ага кошумча тапанчанын бир жолу атылган үнүн уккандай болгонун, бирок тапанчаны көрбөгөнүн белгиледи.

Нурбекти кармаган милиционер эмне дейт?

Милиционер Марат (аты өзгөртүлдү, М.Н.) түн жарымында ыкчам топтун катарында тапанчачан киши балдарды коркутту деген чакыруу менен окуя болгон жерге барганын айтты. Ал жерден бирөө качканын, издеп таппай калышканын белгиледи. Унаа менен издеп жүрүп, көчөлөрдүн биринен айыпталуучу Нурбекти көрүшкөн. Алар унаадан түшө калышканда ал тапанчасын жерге таштап жиберген. Ал Нурбектин колундагы тапанчаны даана көргөн.

Экинчи милиционер эмне дейт?

Алтынбек (аты өзгөртүлдү, А.Д.) ошол түнү нөөмөттө турганда окуя болгон жерден чакырык түшкөн. Ал жерге келип, коомдук тартипти бузган адамды таппай калышкан. Анын жаш курагын, өңү-түсүн сураштырып, андан ары издеп жөнөшкөн. Кылмышка шектелген адамды шаардын Э.М. көчөсүнөн табышкан. Алар унаадан чыгып аны кармайын дешкенде Нурбек колундагы тапанчаны ыргытып жиберген. Тапанчаны далил катары каттап алышкан. Эртеси окуя болгон жерден атылган октун гильзасын табышкан.

Соттун чечими:

Нурбек Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. КРнын Жазык кодексинин 78-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде кылмыштардын жазаларын бири-бирине кошуу менен биротоло 5 жылга эркиндигинен ажыратылсын.

3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл (пробация) колдонулсун. Пробациялык көзөмөл колдонуу аркылуу белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулсун. Белгиленген пробациялык мөөнөттүн ичинде Н.С.га соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып 10 күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүү, пробация органынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен чыкпоо, пробация органына жашаган жери жөнүндө ошондой эле ал өзгөргөндүгү тууралуу кабар берүү, пробация органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабынын негизинде жумуш убактысында пробация органына мезгил-мезгили менен келип туруу, жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүү зарылдыгы болгондо пробация органынан уруксат алуу талаптары жүктөлсүн. Белгиленген пробациялык мөөнөттүн ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө, баңгилик, психотроптук же уулуу заттарды колдонбоо, жашы 18ге чыга элек өспүрүмдөр менен байланышпоо, эс алуучу жайлар жана кафелерге барбоо, кечки саат 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин жашаган турак жайын таштап кетпөө, жумушка орношуу, багуусундагы жашы жете элек 2 баласын жана карыган апасын багуу милдеттендирилсин. Эгерде ал 1 жылдын ичинде 2 жолу жана андан ашык негизсиз себептер менен көзөмөл талаптарды жана ага жүктөлгөн пробациялык милдеттерди бузса, анда пробациялык көзөмөл жокко чыгарылат.

Үй камагындагы бөгөт коюу чаранын аткарылышын көзөмөлдөө Талас ШИИБдин башчысына жүктөлдү. Далил катары Талас ШИИБде сактоодо турган «Макаров» тапанчасынын гильзасы жок кылынып, курал конфискацияланат. Өкүмгө апелляциялык даттануу жана сунуштама 30 күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас ОИИБден 14-февралдан 15-февралга караган түнү Талас шаарында башкаларга тапанча такап, «атып салам» деп коркутууга шектелген адам кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, түнкү саат 01:30 чамасында Талас шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине телефон чалган. Ал автобекет тарапта мас адам тапанча менен жаш балдарды аткылап жүрөт деп билдирген. Ыкчам топ аталган дарекке барып, текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө окуя болгон жерден «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча менен адамдарды коркуткан шектүү кармалган. Кармалган адам Талас шаарынын 1982-жылы туулган тургуну С.Н. экендиги такталды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы (каймана аты «Куудул») да аныкталган.

Көп узабай ал «атып салам» деп коркутту деген адамдар арыз жазышкан. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган болчу.

Пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын түзөөгө, алардын укук бузууларды жасоосун алдын алууга, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга алардын ыктыярдуу катышуусунда аларга карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту;

Пробациялык көзөмөл - пробациянын кардарларына сот тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана алардын жүрүм-турумуна көзөмөл боюнча пробациялык көзөмөлдө турган адамга карата аны оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу максатында жеке иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин колдонуу боюнча пробация органынын иши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×