Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАт-Башы району 02.07.2019 23:17 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ж.Чокоева фестивалда «Салбай оюу» шырдагы менен 2-орунду алды

Turmush -  Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жанымбүбү Чокоева турмушка чыкканда чоң кайненесинен тарбия алып, кол өнөрчү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жанымбүбү Чокоева 1954-жылы Кызыл-Туу айылында туулган. 10 бир туугандын ичинен жалгыз кыз болгон. 17 жашында турмушка чыгып, 10 бала төрөп, алтоо каза болгон. Учурда анын 3 уулу, 1 кызы, 16 небере, 2 чөбөрөсү бар.

«Атам менен апам малчы болуп, атам «Ленин» орденин алган. Апам 95 жашка чыгып кайтыш болду. Ал уз киши болчу. Мен 10 бир туугандын ичинен жалгыз кыз болуп, көп жумуш жасачу эмесмин. Эң улуу жеңемдин колунда чоңойгондуктан, ал киши төшөгүмдү салып, чачымды өрүп берчү. Эч нерсе жасатчу эмес. 10-классты бүткөндө эле турмушка чыктым. Анда чоң кайненем бар болчу. Ошол киши көп нерсени, кол өнөрчүлүктү дагы үйрөттү. Кайненем менен эне-баладай болдум, ошол кишиден таалим алдым. Атам “кызым камыр жууруганды билчү эмес эле” дечү», - деди ал.

Жанымбүбү апа мыкты шырдактарды жасап ийгиликтерди багындырууда. Жакында эле Нарын шаарында болуп өткөн шырдак фестивалында 2-орунду камсыз кылды. Жалгыз кызы дагы шырдакты чеберчилик менен жасайт.

«Менин тилегим, бизден кийинки муундардан кыргыз шырдагын дүйнө жүзүнө тааныткыдай жасаган уздар чыкса дейм. Үйдөн небереме үйрөтүп жатам. Жалгыз кызым бар. Ал дагы өз алдынча шырдак жасап, буйрутма алып жүрөт. Жаштар ата-бабабыздан калган шырдакты, оймо-чиймелерди, куракты, өрмөк согууну өнүктүрсө жакшы болор эле.

Быйылкы шырдак фестивалда “Салбай оюу” шырдагы менен 2-орунду алдым. 30 миң сом берип, шырдакты музейге өткөзөбүз деп алып кетишти. “Салбай оюу” шырдагы жүндөн жасалат. Шоонаны да койдун жүнүнөн ийрип алып жасагам. Бул эмгекти 1,5 айдын ичинде бүттүм. Оюусу татаал. Жээкти жакшы жасоо зарыл. Майда шырыш керек.

Өзүнчө буйрутма алууга муктажмын. Азыр ортомчулар аркылуу буйрутма алабыз. Бир айда жакшы иштесең 10 миң сомго чейин акча чыгат», - деди ал.

Кол өнөрчү башынан өткөн окуяны айтып берди.

«Мурда кошуналар арасында шаан-шөкөттөр көп болчу. Уюшулуп көңкөгө нан салчубуз. Бир сапар бир кошунабыз жокто 3 кызын алып келип, кулагын тешип, сөйкө салдык. Кечинде келгенде урушат экен деп коркуп, угуза албай жаттык. Акыры айтсак ал боору калбай күлүп, “жаман кабар угузчудай болдуңар” деди. Азыр сурабай кулагын көзөсөң “ириңдеп кетсе эмне болот” дешмек. Ошондогу элдин пейили жакшы экен. Мен ошого баа берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×