Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусу, Нарын 01.07.2019 15:01

Күз айларында «Нарын облусу шырдактын мекени» деген макам алабыз, - жетекчилик

Turmush -  Күз айларында «Нарын облусу шырдактын мекени» деген макам алабыз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облусунун жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

«Шырдак фестивалын өткөргөндүгүбүздүн жыйынтыгы менен күз айларында Азия өлкөлөрүнөн келүүчү эксперттерди күтүп жатабыз. Алардын эмгеги менен «Нарын облусу шырдактын мекени» деген макам алабыз. Ошого аракет кылып атабыз. Жылда шырдак фестивалына кол өнөрчүлөр сүйүнүү менен келишет. Фестиваль жаңы башталган убакта биринчи Нарын шаарында, андан кийин 4 жыл Ат-Башыда өткөн. Андан кийин облус макам алсын деп облуста өткөрүп жатабыз. Анткени айрым райондорубузда шырдак жасоо азайып кетти. Ошону көтөрүшүбүз керек. Бүгүнкү жасалып келген эмгектерди көрүп сүйүнүп жатабыз. Бүт республиканын аймагынан чеберлер келди. Япония, Германия, Түркия, Европадан коноктор келишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×