Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.07.2019 15:00 На русском

Дарыядагы трагедиялар: «Селфилдеген» кыз аккан сууга түшүп кеткен жигиттин жансыз денеси табылды

Turmush -  Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна агып кеткен жигиттин жансыз денеси табылды.

29-июнда 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Аталган күндөн бери издөө иштери жүрүп жаткан.

Бүгүн, 1-июлда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 53 куткаруучу тартылып, саат 13:40 чамасында Б.С.нын туугандары тарабынан маркумдун жансыз денеси аккан жеринен 2 чакырым алыстыкта табылган.

Буга чейин окуянын күбөлөрү аталган жигит отун жарып жатып сууга агып кеткендигин кабарлашкан эле.

«Ал Беш-Күнгөй айылында жашап жаткан. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын толук бүтүрбөй, өз алдынча ишкерчилик менен алектенип жүргөн. Жубайы жакын арада көз жарат. Жигит үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү, бир эжеси бар», - деди күбөлөр.

23-майда 16 жаштагы кыз өзүн сүрөткө тартам деп, ушул Аламүдүн суусуна агып кеткен. Көп өтпөй анын денеси кулаган жерден 1 чакырым алыстыкта табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×