Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.07.2019 14:01

Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 24 тоннадан ашык бензин кармалды

Turmush -  29-июнда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 24 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «Volvo» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Анын жыйынтыгында алынып келе жаткан жүк бензин экендиги такталган. Бирок анын документинде башка зат деп жазылган. Аталган жүктү алып өтүүгө шектелип Кыргызстандын 1986-жылы туулган жараны Д.Г. кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×