Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 01.07.2019 12:27

Кожомкул балбандын мааракесинде унаа уткан таластык көк бөрүчүлөр аны сатып, акчасын бөлүп алышты. Видео

Turmush -  28-июндан 30-июнга чейин Суусамырда өткөн Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесиндеги көк бөрү боюнча мелдеште таластык жигиттер 1-орунду алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас көк бөрү федерациясынын катчысы Бактияр уулу Эрмек билдирди.

Анын айтымында, алар «Опел» үлгүсүндөгү унаага ээ болушту.

«Жалпысынан 6 команда беттешти. Биздин балбандар биринчи оюнда Суусамырдан келген оюнчуларды жеңип, жарым финалда Нарын облусу менен беттешти. 3-оюнда Чүй облусу менен кызуу оюн көргөзүп, натыйжада жеңип чыгышты. Ошол эле учурда «Эң мыкты» оюнчу наамын Рысбек уулу Майрамбек алды. Оюнда баш байгеге «Опел» үлгүсүндөгү унаа коюлган. Мелдештин соңунда аталган унаа сатылып, акчасы командадагы балдарга бөлүнүп берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×