Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 01.07.2019 11:30

Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулары дүйнөлүк сынак-көргөзмөдө ийгиликке жетишти

Turmush -  Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулары Түштүк Кореяда өткөн дүйнөлүк сынак-көргөзмөдө ийгиликке жетишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июнь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде окуу-усулдук сессиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп, келерки окуу жылына алдын ала жүктөмдөрдү бөлүштүрүү боюнча маалыматтар берилди. Жыйындын жүрүшүндө 20-23-июнь күндөрү Түштүк Кореянын Сеул шаарында «Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму» уюштурган дүйнөдөгү ойлоп табуучу окумуштуулардын сынак-көргөзмөсүнө 26 мамлекеттин ичинен Кыргызстандын атынан катышкан Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору Медербек Исманов коло медалга, инженер-технологиялык факультетинин окутуучусу Зулайка Эрмекова күмүш медалга ээ болгондогу жөнүндө маалымат берилди. Ага катар эле аларды расмий сыйлоо аземи өттү.

«Практикага киргизилген, өндүрүштөгү экономикалык ойлоп табуулардын сынак-көргөзмөсүндө тоо-кен байлыктарын үнөмдүү жолдор, өзгөчө прогрессивдүү технологиялар менен алып, мамлекетибиздин социалдык экономикасын көтөрүп, бюджетин толуктоо үчүн бир топ жаңы технологиялар менен иштетүү жана дүйнөдө актуалдуу болуп жаткан таза сууну алуу боюнча изилдөөлөр сунушталды. Кошумча жумуштар менен ишимди толук, өзүм ынангандай иштеп жибере албай калдым. Буйруса кийинки сынактарда мындан жакшы жыйынтык болот деп ойлойм. Кыргызстандын атынан катышуунун өзү чоң сыймык. Бардык окумуштууларга ишинин үзүрүн көрүүсүн каалайм», - деди Медербек Исманов.

Ал эми күмүш медаль тагынган инженердик-технологиялык факультетинин окутуучусу Зулайка Эрмекова абдан кубанып тургандыгын белгиледи.

«Күндүк түзүлүштүн жардамында шордуу суудан ичимдик сууну алууну ойлоп таап, патент алганбыз. Көргөзмөгө ошол ишибиздин жыйынтыгын алып бардык. Барып келүүбүзгө университет түздөн-түз колдоо көрсөттү. Мынчалык натыйжаны күткөн эмесмин. Күмүш медаль тагынуу 2-орунду алды дегенди түшүндүрөт. Аябай толкундаткан кубаныч болду. Бул ийгиликте Медер Марипжановичтин жана окуу жайдагы 5 илимий борбордун жетекчиси Жыргал Токтогуловнанын мээнети зор. Ыраазычылык билдирем. Кудай буйруса илимий ишимди жыйынтыктоонун алдында турам. Бул ийгилик мага чоң трамплин болду. Келечекте бул изилдөөмдү өндүрүшкө киргизем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×