Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.07.2019 11:12 На русском

Аламүдүндө отун жарып жаткан жигит «каш-кабактын ортосунда» сууга агып... Видео

Turmush -  Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна агып кеткен жигитти издөө иштери уланууда.

ӨКМдин маалыматына караганда, 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

«Издөө иштери жүргүзүлгөн. 62 куткаруучу тартылган, кеч киргенине байланыштуу издөө иштери саат 19:15те убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 1-июль күнү издөө иш-чарасына жалпысынан 29 куткаруучу тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин окуянын күбөлөрү аталган жигит отун жарып жатып сууга агып кеткендигин кабарлашкан эле.

«Ал Беш-Күнгөй айылында жашап жаткан. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын толук бүтүрбөй, өз алдынча ишкерчилик менен алектенип жүргөн. Жубайы жакын арада көз жарат. Жигит үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү, бир эжеси бар», - деди күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×