Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 01.07.2019 09:28 На русском

Айыл турмушу: Ордочу У.Казмалиевдин медалын ырымдап алган аял уулдуу болгон (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу А.Огомбаев айылынын 39 жаштагы тургуну Уланбек Казмалиев жаштарга ордо оюнун үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы кабары аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дыйканчылык менен алектенет.

«Ордо оюнун 1998-жылдан бери ойноп келе жатам. Бала кезимден эле чүкөнү жакшы көрүп ойноп келем. Чоң атам ордочу болгон экен. Бирок чоң атамдан үйрөнө алган жокмун. Ал убакта жаш болуп калдым. Ордонун ыкмаларын айылдагы аксакалдардан үйрөнгөм. Себеби аксакалдар көп ойношчу. Аларды карап, кызыгуу пайда болуп, кийин аралашып үйрөнгөм. Элүүбай деген аксакал бар болчу. Ошол кишинин жаштарга болгон салымы чоң. Себеби балдардын командасын түзүп, башка командалар менен ойнотуп, бизди көп жактарга алып барган. Чүкөгө болгон кызыгуудан улам үй-бүлөдө мен жана бир тууган 2 иним ойнойбуз. Үчөөбүз тең спорт чеберибиз. Мен бул наамды 2011-жылы алдым.

Ордо — тарбиялык мааниси зор оюн. Мында 1 командада 8 оюнчу болот. Анын жетөө ойнойт, бирөө ашыкча болуп турат. Жалпы 8 кишиге 67 чүкө салынат. Хан деп коёт. Ал илгерки рубль же 1 тыйын болот. Ал хан болуп эсептелинет. Жалпы 8 оюнчунун ар бирине 5 чүкөдөн салынат. Ар бир киши үчтөн атат. Көбүнчөсү 2 саат убакыт берилет. 2 сааттын ичинде бардык чүкөнү атып, баягы 1 тыйынды дагы чертип кетсе командада (малак) ийгилик болот. Команда туруктуу эмес. Мурун чогуу болчубуз, азыр чачырап, ар кайсы командага кирип кетишкендери бар. 2009-жылы Баткен облусуна барып, республикалык таймашта «Алтын томпойду» утуп келгенбиз. 30дан ашык медалым бар. Анын 90% 1-орундар үчүн алгам. Кубок же медаль алганда бирөөлөр ырымдап кой союп берип, медалымды сурап калгандар болот (күлүп).

Илгери төрөй албай жүргөн аялдар ордочу аксакалдардан бата алып, балалуу болушкан. Айылда бир эже жалаң кыз төрөгөн. «Сен ордо ойнойсуң, медалыңдан бер» деп ырымдап алып, кыздардан кийин балалуу болгон. Мунун дагы ырымы чоң дешет. Элүүбай аксакал төрөй албай жүргөн келиндин түшүндө аян берилип, ордочу аксакалдардын бата алып, уулдуу болгонун айтып берген. Ал келиндин үй-бүлөсү жашы 50дөн өткөн аксакалдарды чогултуп, 2 команда кылып ойнотуптур. Андан кийин бата алып, жыл айланбай балалуу болгон дейт. Кийинки жылы дагы бата алып, дагы бир эркек төрөптүр. Таасири бар дешет.

Ордонун тарыхы маңыздуу. Мында согуштун тактикасы каралган. Ордонун ичине түкүрбө, сөгүнбө, бейчеки тебелебе, мушташпайт деген эрежелер сакталат. Ордону ыйык деп коюшат. Эгерде ичине кирип сөгүнүп-сагынып чүкө, томпойду тепкилесе, кийин ал адам ойной албай, бир кызыктай болуп калат. Убалы дагы бар, ордону сыйлашыбыз керек. Сый мамиледе ойнош керек, каяша айтып, чырдашсаң команда утулат. Сабырдуулукка келели деп команда менен бирге жакшы маанай менен баштайбыз. Бир кишини аркасы менен баары артка кетип калышы мүмкүн. Эреже бузулса команда менен бирге четтеп калабыз. Эрежеси күч, аны кылдаттык менен ойноо абзел. Машыгуулар болуп турат. Айылдык, облустук, республикалык мелдештерден утуп чыккан командабыз Көчмөндөр оюндарына барат. Биз 2014-жылы барганбыз.

Улуттук оюнга кызыккандар көп. Биз 2014-жылы барганбыз. Мектептеги балдар дагы үйрөнүп, ойноп жатышат. Ордо өнүгүп келе жатат. Болгону айылда үстү жабылган, заманбап ордо жок болуп жатат. Жаштар күндүн ысыгында, жаан-чачында, кышы бою бош болушат. Бекер жүрбөй ойношот эле. Ал жок, бул жок деп отура бербей, бар күчүмдү жумшап үйрөтүп жүрөм», - деди ал.

Ордочу мырза 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×