Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 06.07.2019 22:54 На русском

Айыл турмушу: Лайликан апа коомдук иштерге активдүү катышып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын 61 жаштагы тургуну Лайликан Жанболатова коомдук иштерге активдүү катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен катардагы эле карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө чоңойдум. 1974-жылы турмушка чыктым. Кайын журтумдун түбү кара-бууралыктар. Бирок шартка байланыштуу Жалал-Абадка барып жашап калышкан экен. Мен турмушка Жалал-Абадга чыктым. Бирок 1997-жылы өзүбүздүн жерибизге көчүп келгенбиз.

3 кыз, 5 уулум бар. Балдарымдын баары Жалал-Абаддан төрөлүшкөн. Биз кара жумушчу, дыйкан чарбада эмгектенип келген үй-бүлөбүз. Балдарыбыздын ар бирин жогорку кесиптин ээси кыла албасак дагы бактылуу үй-бүлөнү түптөлүшүнө болгон аракетибизди жумшадык. Азыр 5 келиним, 2 күйөө балам бар. Кыздарымдын алдыңкы балдары быйыл күзүндө үйлөнүүнүн алдында турушат. Буйруса небере келин тоюн өткөргөнү жатам. Балдарымдын асты 1975-жылы туулган. Ал эми эң кичүүсү 1991- жылы жарык дүйнөгө келген. «Баатыр эне» наамын мындан 3 жыл мурун алгам.

Башынан эле коомдук иш чараларга калбай катышып келчүмүн. Жаш кезимден эле майда-чүйдө иш-чараларга катышып, коомдон да өз ордумду таап алдым десем болот. Өзүм жөн отура албаган адаммын. Кол сунуп тургум келет. Бирөө-жарымдын жардамга муктаж экенин угуп калсам жардам бермейинче тынч уктай албайм. Балдар-кыздар менен биргеликте колдон келген жардамдарды берип келебиз. Ошондой эле улуу муундагы апа катары акыл сурап келгендер көп кездешет. Албетте бул мен үчүн сыймык. Болгон акыл-насаатымды айтып, жардамымды берем.

Айыл ичинде дыйканчылык менен күн өткөрүп келебиз. Бир гана талаа жумушун карап отура бербей «Шайыр апалар» тобунда ырдайм. Кези келгенде шиңгил таштап коймоюм да бар (күлүп). Көп медаль, сыйлыктардын ээси болууга жетиштим. Бул сыйлыктар жөн гана келип калган жок. Ар бир сыйлыгымдын артында кыйынчылыктар турат. Эл баалап, сыйлык берип жаткандан кийин баардык нерсени унутат экенсин. Сыналгыдан сыйлык тапшырып жаткандарын байма-бай көрсөтүшкөн экен. Ошондо айыл эли «Сооронбай акебиз чыкпай эле анын ордуна сиз көп чыкчу болдуңуз да» деп айтып күлүп калышчу. Элден «мээнетиңизге рахмат» деген сөздү көп угуп келем. Мындан да көп жолу уккум келет. Ал үчүн көп деген аракет кылып, коомдук иштерге активдүү катышам», - деди ал.

Лайликан апа «Өрнөктүү эне», «Насаатчы», «Эл сыймыгынын ээси», «Аруузат апа», «Ардактуу эне» деген сыяктуу бир топ сыйлыктардын ээси. Уул-кыздарынан 14 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×