Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 28.06.2019 12:19 На русском

Күйөөсүнүн жансыз денесине кирпич байлап, сууга ыргыткан аял 4 балалуу болгон

Чоң Чүй каналы
Чоң Чүй каналы

Turmush -  Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип кармалган аялдын 4 баласы болгон.

Айыл өкмөт кызматкерлеринин айтымында, аларды учурда таякеси (шектүүнүн агасы) өз камкордугуна алуу үчүн документтерди топтоп баштады.

«Маркум такси кызматында иштечү. Айылда айтылып жаткан маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк чырдын айынан 44 жаштагы С.С. өз күйөөсүн — 52 жаштагы Б.А.ны кокусунан өлтүрүп алган. Андан соң, жансыз денени балдары менен бирге сууга ыргыткан деген кептер болууда. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин тергөө иштери көрсөтөт. Аталган үй-бүлөдө буга чейин да уруш-талаш болуп келиптир.

Балдарды азыр таякеси карап жатат. Кечээ, 27-июнь күнү айыл өкмөткө келип, Б.А.нын өлгөндүгү тууралуу кагазды алып кетти. Учурда ал балдарды өзүнө каттатуу үчүн керектүү документтерди топтоп жатат», - деди айыл өкмөт кызматкерлери.

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 19-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүлгөн 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон кишинин өздүгүн аныкташкан. Ал Дмитриевка айылынын 52 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусу болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБ менен Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында маркумду өлтүрүүгө шектелип анын 44 жаштагы аялы кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган кылмыш иши жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккан. «Шектүү кылмышты жашыруу максатында маркумдун сөөгүнө кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×