Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.06.2019 19:20 На русском

Ак-Талаада «Хонда Одиссей» оодарылып, 3 жаштагы кыз чарчап калды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын—Баетов унаа жолунда «Хонда Одиссей» унаасы оодарылып кетип, 3 жаштагы кыз чарчап калды. Бул маалыматты облустук ЖКККБ тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 26-июнда болжол менен саат 17:20 чамасында Нарын—Баетов унаа жолунун 70-80-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Алардын арасындагы 2016-жылы туулган кичинекей кыз чарчап калган. Ал эми унаанын айдоочусу Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына, 3 адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×