Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 27.06.2019 17:22

Айыл турмушу: Алымсада апа өмүрүнүн 40 жылын балдарга билим берүүгө арнаган (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 64 жаштагы тургуну Алымсада Козукеева 40 жылдык өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мугалимдик кесип анын балалык кыялы болчу.

«Мен төрөлгөндө атам кайтыш болуп, атамды көрбөй чоңойдум. Апам 4 баласы менен жесир калган. Бизди окутарга алы жетпей, акем экөөбүздү Талас шаарындагы №6 балдар жатак-интернатына окуткан болчу. Жаштын тилегин берет деген сөз чын экен. Мектептин босогосун аттагандан тарта «мен мугалим болом» деп айтчумун. Мугалим окуучулардын дептерлерин чогултуп берет, мен отуруп алып баарын текшерип чыгам. Эжекелердин көргөзмө куралдарын жасап берчүмүн. «Сен дагы бизге окшоп мугалим бол» деп алкап турушчу. Ал сөздөр мага күч-кубат берип турчу.

Окууну бүткөн соң В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун педагогикалык бөлүмүнө бардым. Институтта окуп жүргөндө кыйналган жокмун. Орус тилин дагы эң мыкты деңгээлде өздөштүрүп алгам. Үлгүлүү жүрүш-турушу, окуудагы жетишкендиги үчүн деп айына 15 сомдон стипендия алчумун. Өзүм адабий китептерге кызыккандыктан стипендияма китептерди сатып алчумун. Ошол учурда Ч.Айтматовдун чыгармаларын, З.Сооронбаеванын китептерин көп окудум. Булардын ичинен өзгөчө түрткү берип турган Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасы болчу. Аны окуган сайын «менин дагы окуучуларым Алтынайдай академик болот» деп калчумун.

Окуудан практикага чыгып, Таласка келип, өзүмдүн классташ балама турмушка чыктым. Биринчи баламды төрөп үйдө отуруп калгам. Ошол учурда ичимден кыжалат болуп, кантип эле мугалим болбой калам дей баштагам. Балам чоңоюп калганда өзүмө жумуш издей баштадым. Талас районундагы азыркы А.Огомбаев орто мектебинде бош орун бар экен, ошол жакка ишке кирдим. Ал учурда жолдошум экөөбүз Талас шаарында турчубуз. Жолдошум менин көксөгөн кесибиме жолтоо болбой, макулдугун берип, күнүгө 30 км алыска каттап иштеп жүрдүм. Кыштын күндөрү караңгыда жолго чыгып, эрте кеткен трактор же унаа болсо тосуп түшүп алам. Келе жатканда жөө басканга туура келет. Баарына макул болуп иштеп жаттым.

Ар бир сабагымды өзгөчө жасалгалоо менен өтүп, ар бир баланын жөндөмүнө жараша мамиле кылчумун. Бул аракетимдин артынан көп жерге тааныла баштадым. Көп баскычтарды басып өтүп, 15 жылдык стажым менен «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болдум.

Жолдун алыстыгы барган сайын кыйынчылык жаратып жатты. Айла жоктон Талас шаарындагы мектептерден бош орун издей баштадым. Ошол учурда Талас шаарындагы №5 орто мектепке башталгыч класстын мугалими керек болуп жаткан экен. Менин көрсөткүчтөрүм жакшы болуп, ал жакка жумушка орношуу оңой болду. Барган жылы эле 4-классты беришти. Ал класс эмнегедир тарбия жагынан дагы, билим сапатынан дагы аксаган класс экен. Ал классты 1 жыл ичинде оңдоп, жогорку класска узаттым.

Жаңы окуу жылында 1-классты алдым. Мектеп жетекчиси мага «А» классты алыңыз» деп калды. Мектептин алдында 1-классты алган мугалимдер «А» деген тамгадан «Э» тамгага чейинки тамгаларды кармап турабыз. Ата-энелер балдарын алып келип артыбызга коюп кете берет. Бардык окуучулар өз класстарын тандаган соң өзүбүз окуй турган класска кирип, окуучуларды санап баштайбыз. Мен дагы санап жатсам мага 32 окуучу келиптир. Бул менин мугалимдик жолумда чоң жетишкендик болчу.

Окуучулар менен кызыктуу учурлар көп кездешет. 1-класска келген окуучум «эжеке, менин дептерим ачылбай жатат» десе таң калдым. Жанына барсам дептерди тескери кармап алып эле ачылбай жаткан экен, аябай күлгөм. «Балам, дептерди бул жагынан кармайбыз» деп көргөзгөм. Ушундай дептер ача албаган балдар кийин чоң жигит болушат (күлүп)», - деди ал.

Алымсада апа азыркы учурда пенсияда. 1 уул, 3 кыз, 9 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×