Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 27.06.2019 17:01 На русском

Ошто өз жолунан чыгып кеткен 23 жаштагы айдоочу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 2 автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 26-июнь күнү саат 20:45 чамасында аэропортко бара жаткан унаа жолдун 10-чакырымында Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Х.И. өзүнүн «Дэу Лачетти» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен өзүнүн тилкесинде келе жаткан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Аны Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган тургуну Ч.Т. башкарып бара жаткан.

Кырсыктан улам «Тойота Эстиманын» айдоочусу Ч.Т. жана анын жүргүнчүсү — Араван районунун 1983-жылы туулган тургуну С.М., ошондой эле «Дэу Лачетти» унаасынын жүргүнчүсү — Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну З.И. ар кандай жаракаттарды алышып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми «Дэу Лачетти» унаасынын айдоочусу — 1996-жылы туулган Х.И. окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×