Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 27.06.2019 15:49 На русском

Ошто жарылган май куюучу жайдын ээси өз алдынча оңдоо иштерин баштаган. Тургундар жолду тосууга даяр. Видео

Жарылуудан кийин оңдолуп жаткан май куюучу жай
Жарылуудан кийин оңдолуп жаткан май куюучу жай

Turmush -  20-март күнү Ош шаарынын Н.Исанов (мурдагы Петров) көчөсүндөгү турак үйдүн жанында жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыккан. Жергиликтүү тургундар коомдук коопсуздук үчүн аталган май куюучу жайды толугу менен жабуу боюнча мэрдин атына арыз менен кайрылышкан. Бирок окуя болгондон 3 ай өткөндөн кийин ал жай жабылбай, кайра толугу менен калыбына келтириле баштаган. Бул тууралуу жашоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.

Н.Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Раиса Саякованын айтымында, аталган май куюучу жай 1996-жылдан бери иштеп келген. Ушул жылдын 20-мартындагы жарылуудан кийин нааразычылык кат менен 500 адамдын атынан мэр Таалайбек Сарыбашовго кайрылышкан. Р.Саякова буга чейин да тиешелүү органдарга кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай келгенин кошумчалады.

«Менин бул жерде жашаганыма 50 жылдан ашты. Май куюучу жайдын мыйзамсыз курулгандыгы жөнөкөй жарандарга, бийлик өкүлдөрүнө да белгилүү. Турак үйлөр менен болгон аралык 15 метрди гана түзөт. Жарылуу болгон күнү май куюучу бир цистерна өрттөнүптүр, ичинде бензини аз экен деп жатышат. Үч цистерна тең жарылганда чоң кырсык болмок. Мэр “бул май куюучу жай жабылат” деп айткан. Бирок 10 күн мурун май куюучу жайдын курулуш иштери кайра башталып, иштегени жатат. Азыр жергиликтүү жашоочулар бул май куюучу жай иштеп баштаса жолду тособуз деп жатышат», - деди Райиса Саякова.

Н.Исанов көчөсүндөгү №19 көп кабаттуу үйдүн атын атагысы келбеген тургуну ага май куюучу жайда иштегендердин бири келгенин айтты.

«Бизге май куюучу жайдын иштешине каршы сөз айтпагыла, силер эле каршы болуп жатасыңар. Биз силердин терезеңердин айнегин салып берип, сыналгы алып бердик го. Мен сиздин чет өлкөдө иштеген балаңызды тааныйм деп кандай мааниде айтканын түшүнбөй калдым», - деди жашоочу.

Май куюучу жайдын артында жайгашкан унаа оңдоочу жай өрт чыккан күнү чыгамга учураган. Бирок унаа оңдоочу жайда иштеген усталар ушул күнгө чейин келтирилген чыгымдар төлөнбөгөнүн айтышты.

«Жарылуу болгон күнү биздин унаа оңдоочу жайыбыз, кардарлардын унаалары жабыркаган. Азыр канча сомдук чыгым келтирилгенин айтуу кыйын. Милицияга да арыз менен кайрылганбыз. Бузулган жерлерди эч ким оңдоп берген жок. Ошол күнү устаканабызга кадимкидей таш жаады. Ал таштар азыркы күнгө чейин ар кайсы жерде жатат. Баарын өзүбүз тазалап, таштандыга чыгарганбыз. Чатырлардын баарын таш талкалап салган. Устакананын бир чети күйүп, ал жерде жумуш жасаганга болбой калган», - дешти усталар.

Кечээ, 26-июнда мэр Т.Сарбашов шаар ичиндеги май куюучу жайдын ээлери менен жолугушкан. Жыйындын жүрүшүндө Таалайбек Сарыбашов Н.Исанов көчөсүндө өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сынга алган.

Май куючу жайдын ээси болгон А. аттуу жаран жарылуудан кийин ага эч ким ишти токтотуу боюнча эскертүү бербегенин айткан.

Ал эми Мамэкотехинпециянын Ош шаары боюнча башчысы Мелис Адиевдин айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, экпертизалар дайындалган. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы аталган май куюучу жай соттун чечими чыкканча өз ишин токтотконун билдирди.

«Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда (Юго-Восток) жарылуудан кийин кайра оңдолуп жаткан май куюучу жай бир жактуу чечим чыкканга чейин ишмердүүлүгүн жүргүзбөйт. Бул боюнча шаар мэри тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Май куюучу бекеттин ээсине да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мэр жергиликтүү жашоочулардын пикири эске алынышы керектигин баса белгиледи. Май куюучу жайдын ээси өз алдынча кайра оңдоо иштерин баштаган», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Окуя тууралуу:

20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов (мурдагы Петров) көчөсүндөгү турак үйдүн жанында май куюучу жайдан өрт чыккан.

Кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Өрт чыккан жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да барган.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деген Т.Сарыбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×