Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусу, Талас 27.06.2019 15:22

Талас шаарында унаа уруп кеткен 3 жаштагы бала каза болду

Turmush -  24-июнь күнү саат 20:00 чамасында Талас шаарында унаа уруп кеткен 3 жаштагы бала эртеси күнү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын Бердике баатыр көчөсүндө «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа 3 жаштагы баланы уруп кеткен. Бала дароо Талас облустук ооруканасына жеткирилген.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасынан билдиришкендей, балага операция жасалганына карабай эртеси күнү каза болуп калган.

«Бала башынан катуу жаракат алып түшкөн. 25-июнь күнү биздин нейрохирургдар тарабынан операция жасалган. Жаракаты оор болгондуктан операциядан соң реанимацияга чыгарылган кезде каза болду», - дешти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×