Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 27.06.2019 11:07

Ошто ишкерлер уруксаты жок автогаз бекеттерин куруп алышкан

Turmush -  Ош шаарында мыйзамсыз курулган 6 автогаз бекетинин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан шаардын ДЭУ-21 участогундагы, Нурматов көчөсүндөгү, жаңы автобекет тараптагы «Партнер Нефть» компаниясына тиешелүү автогаз бекети, жеке ишкер А.Ш.га тиешелүү А.Навои көчөсүндөгү, Разаков көчөсүндөгү жана Черемушка автогаз бекеттеринин иши токтотулду.

Ошондой эле Анар кичи районундагы май куюучу жайдын иши дагы токтотулган.

Мыйзамсыз курулган 5 автогаз бекетинин ээлери тиешелүү мекемелерден уруксат албагандыгы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×