Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 26.06.2019 18:12 На русском

Ооруканадан качып, 3 күндөн кийин каза болгон агасы инисинин кылмышын жашырган. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаардык соту ушул жылдын 17-июнунда Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыпталып жаткан Шерзоддун (аты өзгөртүлдү, К.Ш.У.) кылмыш ишин карады. Айыпталуучу өзүнүн бир тууган агасын бычактаган деп айыпталган. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Шерзод — Ош шаарынын 1982-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. 2016-жылдын 14-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Жазык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Пробациянын укуктук натыйжалары) негизинде мунапыс аркылуу жазадан бошотулган. 2017-жылдын 1-мартында Жазык кодексинин 162-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде күнөөлүү деп табылып, 1,6 жылга эркинен ажыратылган. Ушул жылдын 1-майында кайрадан камакка алынган.

Ал ушул жылдын 27-апрель күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан үйүндө агасы Бахор (аты өзгөртүлдү, К.Б.Ю.) менен спирт ичимдигин ичип жатып, уруша кеткен. Шерзод мас абалда болгондуктан агасынын насаат сөздөрүн туура эмес кабыл алып, ашкана бычагы менен колуна жана көкүрөк тушуна 2 жолу сайган.

Агасы Бахор денесинен алган жаракатынан улам дарбазанын алдына барып отуруп калган. Аны кошунасы көрүп, тез жардам чакырган жана Бахор облустук ооруканага жеткирилген. Бирок ал инисине карата арыз жазуудан баш тартып, ооруканадан качып, өз ыктыяры менен үйүндө дарыланып жүргөн. Окуя болгондон 3 күн өткөндөн кийин, тактап айтканда 30-апрель күнү болжол менен саат 15:00 чамасында өзүн жаман сезип, каза болгон. Кылмышка шектүү катары анын иниси Шерзод кармалган.

Сот отурумунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, баары ичкиликтин айынан болгонун билдирип, соттон жеңил жаза берүүнү суранган. Ал апасын карай турган жалгыз бала экенин жана анын балдары дагы жаш экенин кошумчалаган.

Отурумда ага-ининин апасы дагы көрсөтмө берген. Анын айтымында, окуя болгон күнү 2 уулу арак ичип отурушкан. Бир маалда экөө урушуп, ызы-чуу болгондо апасы кошунасын чакырган. Кошунасы эки бир тууганды ажыратып кеткен. Бирок андан кийин кайра уруш болгон.

Ал соттон уулу Шерзодду жазадан бошотууну өтүндү. Себебин бага турган башка балам жок деп түшүндүрдү.

Отурумда күбө катары суралган А.И. 30-апрель күнү таанышына жолугуп, Шерзоддун үйүнө барышканын билдирди. Анын айтымында, короого киргенде маркум Бахор тепкичтин үстүндө жаткан. Алар тез жардам чакырып, кийин милиция кызматкерлери Шерзодду кармап кетишкен.

Жыйынтыгында шаардык сот Шерзодду күнөөлүү деп таап, ага 1 миң 300 (130 миң сом) эсептик көрсөткүчүндөгү айып салуу менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында эки бир туугандын ортосунда чыр чыгып, иниси агасына бычак сайганын жазган.

Маркум 1974-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×