Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 26.06.2019 19:21 На русском

Айыл турмушу: Уста Р.Момуналиев үстү ачык трактордун кабинасын жасап чыкты (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Кызык айылынын 39 жаштагы Руслан Момуналиев үстү ачык трактордун кабинасын өз алдынча жасап чыкты. Аймактык кабарчы темир уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 6-классынан бери трактор айдайт.

«Атам трактор айдоочусу болчу. Мектепке окуганга чейин атам менен трактордун ичинде далай жүрдүм. Күн ысык болуп турса дагы атамдан калбай, трактордо терим агып уктап калган күндөрүм көп болгон. Ошого дагы ыраазы болуп жүрөт элем. Чогуу оңдоп жүрүп кызыгуум арткан.

Совхоз убагында совхоздун тракторун айдап эмгектендим. Айдабаган тракторум калган жок. Трактордун бардык түрүн айдадым, чөп ташып, жер айдап, буудай сээп жүрдүм. Эми бул кытай тракторун өз колум менен темир ширетип, үстүнө кабина орнотуп алгам. Алгач жасап айдап чыкканда айылдаштар таң калып, карап көрүшкөн. Азыр ушундай кытай тракторлорун 3-4 киши жасатып алып айдап жүрүшөт. Керектүү темир-тетиктерин Таластан алып келип, 3-4 күндө жасап бүттүм. Эми анча-мынча жерлерин дагы кооздош керек. Үстү ачык тракторду айдабасак өпкөбүзгө, нервдерге суук тийет. Андайда ден соолуктан айрылып калабыз. Ошондуктан өзүмө ыңгайлаштырып орнотуп алгам.

Өзүм оңдоочу, өзүм ширетүүчү, өзүм айдоочумун (күлүп). Азыркы күндө айыл элинин төө буурчактарын сээп, культивация жүргүзүп, дары чачып, күз келгенде түшүмүн жыйнап берип эмгектенем. Ошентип кудай берген насип менен киреше табам. Азыр ушул трактор менен култивация иши болуп жатат. 1 гектар жерге 600 сом акы алам. 10 литр соляркасын куюп беришет. Күн-түн дебей чакыруулар болот. Кезекке тургандар көп болот. Баарыбыз билгендей, айылда дыйканчылык менен оокат кылгандыктан, эл-жерге эгилген түшүмдү баладай кылып карашат. Убагында трактор керек болгондо чакырышат. Кеч калбай алардын мээнеттерин күйдүрбөй барып кызмат кылам. Колумдан келгенин аябайм.

Тракторду өз үйүмдөн артык кылып кооздоп алам. Устачылыкка тиешелүү кандай иш болсо дагы көп кишилер кайрылышат. Элге керегим тийип жатат деп кээде өзүмө ыраазы болом (күлүп). Жылына 100 миң сомдон ашык пайда таап коём», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×