Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусуСузак району 26.06.2019 15:30 На русском

Айыл турмушу: 4 козу менен бутуна туруп, 100 миң сомдук кочкор баккан педагог жубайлар (сүрөт)

Фермер Расул Сартбаев
Фермер Расул Сартбаев

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 61 жаштагы тургуну Расул Сартбаев эт багытындагы гиссар койлорду багат. Учурда асыл тукум койлорунун саны 300дөн ашып калды. Короосундагы афган породасындагы кочкорун 100 миң сомго сат деп сурап келгендер болууда, бирок фермер азырынча сатуудан баш тартып жатат. Расул мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

4 козудан башталган кой чарбасы

Расул Сартбаев жубайы экөө мугалимдик кесиптин ээси. Расул мырза кезинде Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын волейбол боюнча курама командасында ойногон. Кийин айылына барып, дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштеген. Педагог жубайлар айына 85 сомдон маяна алышчу. Ошол маяналарын үнөмдөп жатышып 4 козу алышкан. Кыйынчылыкка кабылышса да козуларын сатышкан эмес. Маяна менен балдарын багуу кыйындагандыктан экөө тең мугалимдик кесипти таштап, мал чарбасын тандап, баш оту менен ошол багытта алектенип кетишкен. Алар кой чарбасын жакшы өздөштүрүшүп, жүндүү кыргыз койлордун санын миңге жеткиришкен. Койлордун жүнүн Өзбекстандын Коргон-Төбө аймагындагы килем токуган цехтерге тапшырышчу.

«Чек арага жакын жерде жашагандыктан коңшу өлкөгө жүн ташычумун. Кийин коңшу өлкөгө жүн өткөрө албай калдык. Койлор жайлоодо кыркылып, жүнү ошол жакта эле иштетилбей калчу. Койдун санын көбөйткөндө ошого жараша көйгөйлөр чыга баштады. Тоют камдоодо кыйналдык. Кышында Көк-Арт, Ачы тараптан чөп сатып келебиз. Ал бат эле түгөнүп калат. Дагы чөп издеп жөнөйсүң дегендей. Айтор, убарагерчилик көбөйдү.

Асыл тукум мал чарбалардын ишин көрүп, санга эмес, сапатка өтүүнү ойлоно баштадым. Асыл тукум мал чарбасын колго алгандардан маалымат алгандан соң, мен да эт багытындагы койлорду кармоону чечтим», - деди фермер.

Гиссар койлор

Р.Сартбаев 8 жыл мурун короосу толгон койлорду сатып, гиссар койлорду кармоого өткөн. Алгач гиссар койлорду жергиликтүү фермерлерден сатып алса, соңку 6 жылдан бери Тажикстанга барып, асыл тукум койлорду алып келүүдө.

«Бизде "Бешиктен кабырга чейин билим ал" деген жакшы кеп бар эмеспи. Мен ошондой эле болдум. Өмүр бою кой баксам да изденүүгө туура келди. Гиссар кой багуунун ыкмалары жөнүндө интернеттен маалымат алдым, жакшы адамдардын кеңешин уктум. Алгач Тажикстанга барганда жакшы көрүнгөн кочкорлорду сатып алып келчү экенбиз. Бара-бара тажрыйба топтоп калат экенсиң. 2-3 жыл бою жалаң кочкор алып жүрдүм. Койдун асылдуулугун арттыруу үчүн кочкор эле эмес, койду да алмаштырууну туура көрдүм. 8 жылдын ичинде короодогу койлорду гиссар койлорго алмаштырдым», - дейт фермер.

Кой багуунун өзгөчөлүктөрү

«40 койго 1 кочкорду кошуп жатам. Мунун өзгөчөлүгү — төл эрте бүтөт, козулар тегиз болуп, базарга алып чыксаң өтүмдүү болот. Эки жыл сайын кочкорду алмаштыруу зарыл. Анткени кийинки жылы мойну, буту кыйшык козулар туулуп калат. Койлордун кайсы маалда төлдөгөнүн атайын дептериме түшүрүп турам. Уколдорун өз убагында сайдырабыз.

Биздин аймак ысык жана жаз эрте келет. Бул койлордун бою ысыкта жакшы өспөй калат экен. Ошондуктан кыш мезгилинде, январь айында төлдөтөбүз. Козулар май айында чоңоюп, сатып алуучулар арбын болот», - деди Р.Сартбаев.

Фермер 3-4 жылдан бери баккан кочкорлорун жакшы баага сатууда. Анын бири 70 миң сомго бааланган. Коңшу өлкөдөн афган породасындагы кочкор сатып келип, аны 100 миң сомго сатып алууну каалагандар болууда. Бирок тукум алуу үчүн алып келгендиктен жогору бааланганына карабай сатпай жатат.

Былтыр Расул мырза «Алмаз» асыл тукум мал чарбасын түптөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×