Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуКадамжай району 26.06.2019 10:37 На русском

Айыл турмушу: Шабдалыны чет өлкөгө экспорттогон миллионер сырлары менен бөлүштү (видео, сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылынын 39 жаштагы тургуну Чыңгыз Жаркынов 22 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Ал учурда 2 гектар жеринен шабдалы жана кокон гиластын түшүмүн жыйнап, аларды Россия, Казакстанга экспорттоп, Бишкекке жөнөтүп жаткан учуру. Багбан менен аймактык кабарчы маектешти.

Ч.Жаркыновдун айтымында, 1995-жылдары атасы Имарбек Абжапаров үлүш жерине гилас, шабдалы, алма, өрүктүн көчөттөрүн тиккен. Бирок 2 гектар жер тилкесиндеги алма, өрүктүн көчөттөрүн жок кылып, анын ордуна шабдалынын көчөттөрүн көбөйтүшкөн. Июнь айынан октябрь айына чейин мөмө берүүчү 500 түп шабдалынын 6-7 түрү өстүрүлөт. Багбан шабдалынын көчөттөрүн дагы сатып киреше табат.

Бүгүнкү күндө Чыңгыз Жаркынов шабдалынын элберт жана кызыл чыгыш (Красный восток) түрүнүн 1 килограммын 35 сомдон сатып жатат. Багбандын айтымында, мындан 4-5 жыл мурун шабдалынын баасы 70-100 сом болчу. Бирок шабдалы өстүргөндөр көбөйгөндүктөн наркы 20-35 сомго төмөндөп кеткен. Чыңгыз мырза шабдалынын жаңы сортторун өстүрүп, бир жылда 2 жолу дарылап, эрте жазда селитра салып, күзүндө малдын кыгын сээп, мол түшүм алып жатканын айтты.

«Азыр 15 жылдык бактарыбыз бар. Бир түптөн 200 кг түшүм алса болот. Жалпылап айтканда 1 сотых жерден 1 тонна түшүм алабыз. Мурун шабдалынын 1 килограммын 50 сомго чейин сатып жатканбыз. Учурда 35 сомдон сатып жатабыз. Шабдалынын баасы 20 сомго чейин төмөндөйт. Негизи шабдалынын көчөттөрүн карабай койсоң, мөмө бербей калат. Аларды бутап, ашыкча шактарын кыркып туруш керек. 7 жылда бир жолу бардык шактарын кыркып, бутактарын жаңылап турабыз. Шабдалыны бутаган сайын бак жашарып, мөмө берүүсү жогорулайт. Учурда жылына 15 миң көчөт сатып 600 миң сом, шабдалынын мөмөлөрүн сатып 500-700 миң сом киреше таба алабыз. Ага жараша чыгашасы да болот. Жылда Өзбекстандан келген жумушчуларга 30 миң сом айлык берип бутатабыз. Шабдалы бышканда мөмөлөрүн терүү үчүн айылдагы жумушчуларга күнүнө 500 сомдон төлөп беребиз», - деди Ч.Жаркынов.

Аталган чарбаны Чыңгыз мырзанын атасы Имарбек Абжапаров түптөгөн. Учурда аны эки уулу — Элбурс жана Чыңгыз Абжапаровдор карайт.

Имарбек Абжапаровдун 2 уул, 2 кыз жана 7 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×