Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуКочкор району 26.06.2019 10:01

Торпокту жерден эңип, ээрге өңөргөн кочкорлук көк бөрүчү Б.Жумалиев 10 000 сом менен сыйланды. Видео

Turmush -  Кочкорлук көк бөрүчү Бакыт Жумалиев Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесинде торпокту жерден эңип, ээрге өңөрүү боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Урмат Шергазиев билдирди.

Анын айтымында, торпокту жерден эңип, ээрге өңөрүү боюнча мелдеште Түп, Тоң, Жети-Өгүз, Кочкор районунун балбандары шартты толук аткарышты. Кочкордон барган көк бөрүчү Бакыт Жумалиев да шарттарды аткарып, 10 000 сом байгеге ээ болду.

Бакыт Жумалиев 40 жашта, Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында жашайт. Бала күнүнөн бери көк бөрү оюнун ойноп, эр эңишке түшүп жүрөт. Анын атасы Төлөбек балбан адам болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×