Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуАк-Талаа району 26.06.2019 09:16

Ак-Талаанын балбандары республикалык спартакиадада алдыңкы орундарды багындырышты

Turmush -  2019-жылдын 19-июнунан 24-июнуна чейин Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүндө Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Дени сак улут – өнүккөн өлкө» урааны менен республикалык спартакиада өттү. Бул спартакиадага Ак-Талаа районунан кыргыз күрөшү боюнча 5 балбан, таяк тартыш боюнча 2 балбан катышкан.

Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчүлөр:

- 1-орунду 55 кг салмактагылар арасында Кадырбек уулу Урмат;

- 2-орунду 60 кг салмактагылар арасында Нарынбек уулу Урмат;

- 3-орунду 66 кг салмактагылар арасында Кубат Бообеков;

- 3-орунду 96 кг салмактан жогоркулар арасында Акжолтой уулу Элдияр ээледи.

Жеңүүчүлөр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин диплом жана медалы менен сыйланышты. Андан сырткары, агенттик аркылуу пансионаттардын биринде эс алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×