Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 25.06.2019 16:18 Жаңыланды: 29.07.2019 09:05

Айыл турмушу: Баткендик мугалим Э.Абдрахманова чеберчилик кылып, септерди да даярдайт (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Эркинай Абдрахманова мектепте балдарга сабак берүүдөн сырткары бош убактысында чеберчилик менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, айылдагы С.Эрматов атындагы орто мектепте окуучуларга химия сабагын окутат.

«Мектепте жумасына 3 күн барып сабак өтөм. Калган күндөрү өзүмдүн хоббим катары эсептеген тикмечилик менен алектенем. Тикмечилик тубаса талант десем болот. Эч ким үйрөткөн эмес. Кошумча билим дагы алган эмесмин. Мектептеги кол эмгеги сабагынан алган билимим боюнча эле тигем. Раматылык таенем чоң уз болгон экен. Ошонун өнөрү мага өтсө керек», - деди ал.

Каарманыбыз кыздардын септерин да даярдайт.

«Мезгилге жараша тикмечиликтин түрү да өзгөрөт. Кыш мезгилинде чапан, чыптамаларды тиксем, жай мезгилинде аялдар үчүн ыңгайлуу, жеңил көйнөктөрдү тигем. Андан сырткары кардарлар буйрутма берсе сеп, пардалардын түрүн тигем. Үлгүлөрдүн барын өзүм эле ойлоп табам. Көбүнчө буйрутма берүүчү менен кеңешип, жаңы үлгүсүн ойлоп табабыз.Тикмечиликти үйрөнүүнү каалаган жаштарыбыз арбын. Бирок кыздарга тигүүчүлүктү үйрөтүүгө убактым жок», - деди ал.

Мугалим-чебер айым 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×