Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 21.06.2019 17:47

Айыл турмушу: М.Турсалиев талаа жумуштарын жеңилдеткен шаймандарды жасап, элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 55 жаштагы тургуну Мукай Турсалиев талаа жумуштарын жеңилдеткен шаймандарды жасап, элге кызмат кылууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча инженер.

«1989-жылы дан иштетүү жана сактоо боюнча инженерликти бүтүрүп, 9 жыл тегирменден ун чыгарып иштедим. Кийин жумуштан чыгып, дыйканчылыкка өтүп кеттим. Жер иштеткенде трактористке барсам, ал кааласа жерди айдайт, каалабаса жок. 5 жыл буудай убагында айдалбай же себилбей, абдан убаракерчилик тарттым. Бүгүнкү күндө дыйкандар мендей убаракерчилик тартпасын деп жеңилдиктерди берип жатам. Ошентип кыйналып жүрүп, кетмен менен иш бүтпөгөндүктөн трактор алдым. Турмуштук зарылчылык үйрөттү, чекесинен шаймандарды жасап көбөйтүп келем. Башкадан эч нерсе сурабайм.

Биздин Таластагы турмуш төө буурчак менен байланыштуу болуп, аны алгач кол, күрөк менен тигип баштаганбыз. Кийин себүүгө тракторду колдоно баштап, акырындан механизацияга өттүк. Былтыр төө буурчак жулгуч жасадым. Жумуш кыйла жеңилдеди. Күзүндө 60 гектар жердеги төө буурчакты жулду. 1 гектар жердеги төө буурчакты жулуш үчүн 10 кишиден алып барып, 10-15 миң сомго жулдурчубуз. Жулгучтун сапаты дагы жакшы болду. Аябай бышып кеткен тоо буурчакты дагы турган жеринен бир данын жерге түшүрбөй жулуп кое алат. 1 гектар жерди 4000 сомго жулдум. Дыйкандын дагы чөнтөгүнө үнөмдүү болот. Төө буурчак жулгучтан тарта бир топ шаймандарды жасадым. Алар менен элге жардам берип, жумуштарын жеңилдетип берем. Алдыда дагы башка шаймандарды жасоо ойлорум бар. Чөп жыйгыч жасадым. Аны 10 күн мурун 100 миң сомго Ысык-Көлдөн келип сатып алып кетишти.

Дүйнө жүзүндө автоматизация, роботизация болуп кетти. Биз али механизацияны толук жасай албай жатабыз. Бирок аракеттин үстүндө келебиз. Менден башка айылда 2-3 бала бар. Айрым учурларда темир шаймандарды бирге жасап калабыз. Балдарымдын бардыгы тең механизаторлор. Алар дагы өз алдынча көптөгөн иштерди аткарышат. Заман өзгөрдү, азыр баарын ойлоп таап жасаганга мүмкүнчүлүк бар. Жаштар интернеттен көрүп, көптү үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×