Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Кулжа району 20.06.2019 17:24 На русском

Алымбек Апызаков Россияда «элдик» бешик жасагандан кийин бизнес түптөгөн (сүрөт)

А.Апызаков үй-бүлөсү менен
А.Апызаков үй-бүлөсү менен

Turmush -  Ош облусунун Алайкуу өрөөнүнүн тургуну Алымбек Апызаков алгачкы жолу жасаган бешигин кызына арнаган. Жыгач уста ал учурда үй-бүлөсү менен Россияда жашачу. Учурда А.Апызаков 43 жашта. Бишкек шаарында устачылык менен алектенип жаткан кези. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2007-жылы кызы төрөлүп, ага өзү бешик жасап берүүнү чечкен.

«Кызым төрөлгөндө Ростов-на-Дону шаарында жашачубуз. Адегенде карачай улутундагы тааныштардан бешик сурап, пайдаланып жүрдүк. Кызым бешикке көнүп калганда таанышыбыздын да баласы төрөлүп, бешигин кайра берүүгө туура келди. Анын үстүнө карачайлардын бешиги бир аз башкача болот экен. Биздикиндей үстүндө туурасынан кеткен жыгач жок. Манежге окшошуп кетет. Бирок бала байланат. Кызыбыз бешикке көнүп калгандыктан, жакшы уктабай кыйналды. Ал кезде курулуш тармагында иштечүмүн. Бешикти эптеп жасап бүтүрдүм. Кызыбыз ошол бешикте чоңойду. Андан кийин туугандардын балдары жатты, тааныштар сурап калчу. Кээде биз тааныбаган адамдар деле "бешигиңиз бар экен" деп сурап келишчү. Ал убакта Россиядан бешик табыш кыйын болчу. Ошентип кызыбыздын бешиги элдик бешик болуп кеткен. Азыркыга чейин Россияда», - дейт Алымбек Апызаков.

Ал «балким бул бешикке келечектеги президент же белгилүү адам жатат» деп жасай турганын билдирди. Бешикти кардардын колуна берип жатканда ичинен тилек айтарын кошумчалады. Жыгач уста көп нерсени интернеттен үйрөнөт. Кол алдында иштеген шакирттери дагы бар.

«Кыргыздарда устат-шакирт деген түшүнүк төкмөлүк, мүнүшкөрлүк жана саяпкерлик өнөрдө көп кезигет. Ал эми устачылык атадан балага өтүп келген. Өзбек элинде бул илгертеден калган система (устачылык). Баланы эс тартканда эле бир устатка беришет. Анан баралына жеткенде (жетилгенде) устаты аны башка устаттардын сынынан өткөрөт. Алардын купулуна толуп, сыноодон өткөндөн кийин шаймандарды берип, шакиртин өзүнчө бөлүшкөн. Шакирти устаттын батасын алып, баланча шакирт эми уста болду деп элге жарыяланган. Ошондон кийин гана шакирт буйрутма алып, өз алдынча иштей баштаган. Азыркыдай бир цехте эки ай иштеп коюп эле уста болуп калышкан эмес. Шакирт алты-жети жылга чейин устаттын кол алдында иштеген. Азыр мындай мөөнөткө чыдагандар жок болсо керек. Заман өзгөрдү, анын үстүнө ошол эле кесипти кааласа кесиптик лицейлерден окуп, колуна документ алат», - дейт жыгач уста.

Ал эмерек жасоодо улуттук колоритке басым жасарын билдирди.

«Эмгектерим салттуу бешиктерден дизайн менен айырмаланат. Кардардын каалоосуна жараша 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин жасалат. Улуттук орнаменттер колдонулса, алар колго жасалгандыктан көп убакытты талап кылат. Бешиктер талдын, карагайдын, арчанын жыгачтарынан жасалат. Жаңгак, кайрагач деле жарайт, бирок алар кымбат жана салмактуу болот», - деди Алымбек Апызаков.

Жыгач уста бешиктен тышкары комуз, тогуз коргоол, шахматтын такталарын жана фигураларын, ар кандай сувенирлерди, бастырма, стол, отургуч, эшик-терезелерди да жасайт. Кайыштан дагы буюмдарды жасашат. Ошондой эле ландшафттык дизайн менен дагы алектенишет.

«Кыргыздар чарбагына картошка, пияз эгет эмеспи. Бирок учурда башка улуттун маданиятын үйрөнүп, бакчаларын кооздой башташты», - дейт уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×