Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 24.06.2019 23:14 На русском

Айыл турмушу: Таластык Ш.Кошалиев ата жолун улап, чет өлкөгө чейин барып аары багып келет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 54 жаштагы тургуну Шейшен Кошалиев ата жолун улап, аары багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аарыларды багууга кичинесинен кызыгат.

«Атам аары бакчу, мен дагы жаштайымдан кызыгып, аары багууну улап кеттим. Көчүп-конуп, аарыларга ылайыктуу жерлерди тандайбыз. Анда масштабын эске алышыбыз керек. Мында аарычы агроном дагы болушу зарыл. Алгач жерди бир аз казып сугарылганбы, нымдуулук барбы же жокпу байкайбыз. Нымдуулук болбосо аарылар нектар чыгарбайт. Азыр бал тартуу сезону. Ар сезондо ар кандай өлчөмдө бал чогултабыз. Үй-бүлөгө жетет, андан тышкары кардарларыбыз бар. 1 литр балды 250 сомдон сатып алып турушат. Казакстандын аймактарына чейин көчүп барабыз. Алыс аралыктарга 100дөн ашык челек менен барабыз. Аарылар сууктан коркот, ысыктан коркпойт. Себеби ысыкта канаттарын каккылап, желдетип балдарын коргоп алышат. Челектер дагы жөн эле тура берсе эскирип кетет. Боштору дагы жок эмес. Буйруса аларды дагы аарылар менен толтурсам деп турам. Түтүн чыгаруучу каражаты бар. Ал бал чогултуп жатканда жүдөтүүдөн сактайт. Ошондуктан айрым учурларда түтөткүч колдонобуз.

Аары багуунун аркасында чоң тарых бар. Бүгүнкү күндө Европада дээрлик 50% аарылар кырылып калды. Чөнтөк телефондордун зыяндуу толкундары, климат, зыяндуу нерселер көп. Чөнтөк телефондон чыккан толкунду биз сезбейбиз, булар сезишет. Алдыда аба ырайы кандай болорун дагы биз аарылардан биле алабыз. Суук боло турган болсо, аарылар алдын ала эшиктерин жамап камдана башташат. Аарычылар билип калабыз. Таласта бал аары багуу кыйын болуп калды. Чөптөргө аары конбойт, жерлер дарыланып, ууланып калышкан. Булар андайдан качышат, назик келишет.

1 челекте 100 миңге чейин аарылар болот. Менде быйыл бал суюк болуп жатат. Немис породасындагы аарылар бар. Алар бир челекте аз жашаса дагы көп азык теришет. Менде карпатка түрү дагы бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле аарылардын дарылык касиетин айтып берди.

«Китептеги инструкция боюнча остеохондрозу бар адамга дарылоо жүргүзүп көргөм. Натыйжа жакшы болгон. Айыгууга болорун көрүп келе жатабыз. Аарынын уусу медицинадагы ысык укол болуп саналат. Аарылар болбосо жашоо токтойт. Чаңдашуу болуп турушу керек. Өсүмдүк, жашылчалардын баарын чаңдаштырат. Андан биз витамин алып жейбиз. Аарылар эмгекчил келишет. Мен күнүмдүн көбүн эле аары менен өткөрүп, 100 миң сомдон ашык пайда көрөм», - деди ал.

Шейшен мырза 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×