Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАт-Башы району 20.06.2019 10:44

Айыл турмушу: Калипа Жакыпова кымызды кайсы убакта ичүү пайдалуу болорун айтып берди

Turmush -  Ат-Башыда учурда кымыз сезону. Бул маалда айрымдар кымыз сатуу менен алек. Алардын катарын толуктаган ат-башылык Калипа Жакыпова 9 жылдан бери кыргыз суусундугун сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

57 жаштагы Калипа Жакыпова Ат-Башы айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 2 эркек, 1 кызы, 7 небереси бар.

Учурда кымыздын 1 литри 80 сомдон болууда. Күз мезгилинде 35 сомго чейин түшөт.

«9 жылдан бери сезондо кымыз менен иштейм. Себеби балдарым, неберелериме кымыз сатып берчүмүн. Кымыз даярдалып башталгандан үркөр чыкканга чейин кымыз ичирип койчумун. Иммунитетти көтөрөт, канды толтурат деген чын экен. Балдарым сасык тумоо болгондо оорусу жеңил өтүп кетчү.

Сиңдим бээ саайт, кымызыңды сатып берейин дегем. Ошону менен кымыз сатып калдым. Жайлоолорду кыдырып кымыз алып келебиз. Литрине 10-20 сом кошуп сатабыз. Кымыз көбөйгөндө арзан болот», - деди ал.

Калипа Жакыпова кымызды ууз кезинде, үркөр чыга электе ичүүнү сунуш кылат.

«Ууз кымыз — жаңы тууган бээнин уузунан ачытылган коюу кымыз. Эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалат. Желе байлаганда атайын мал союлуп, туугандар чакырылып, бата кылынат.

Сабаада кымыз аябай жакшы бышат, даамдуу, ичкиликтүү болот. Үркөр чыккандан кийин кадимки кымыз болот. Андан кийин чөп катып, кулундар чоңойгондо кымыз күчүнө келет. Бул убакта нак кымызды кышкыга даярдап алышат. Өзүм дагы үйгө даярдайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×