Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАт-Башы району 20.06.2019 08:45 На русском

Айыл турмушу: Баатыр эне Э.Чодиева согуш жылдарындагы оор күндөрүн эскерди

Turmush -  Эрке Чодиева 1938-жылы Ак-Талаа районунда туулган. 9 кыз, 2 уул, небере, чөбөрөлөрү бар. 1960-1989-жылдары Ат-Башы районундагы ветлабораторияда кан текшерип иштеген. 2013-жылы «Баатыр эне» наамын алган.

Абышкасы Бейшебак Борбеков согуштун ардагери, 2006-жылы каза болгон.

«Ата-энем кайтыш болуп, өзүм жалгыз калгам. Жалгыз бир тууганым бар эле, ал да каза болуп калды. Бир мекемеде иштедим. 1989-жылы жумуштан бошодум, андан бери балдарым менен үйдөмүн. Ден соолугум жакшы эмес, дарыгерлер ревматоиддик артрид деген диагноз коюшкан. 2 көзүмдү операция кылдырдым. Согуш жылдарында ата-энем каза болуп калганда башымдан оор күндөрдү өткөрдүм. Ошонун баарын көтөрдүк, ушул даражага акырындык менен жеттик.

Балдарым жакшы карашат. Ооруп калсам эле ооруканага алып барышат. Алар жакшы болгону үчүн минтип турам. 2 балам айдоочу. Ак-Сайга чейин кан текшергени барып иштечүбүз. Адегенде эртең менен эрте жумушка барып, от жагып, пол жуучубуз. Кечинде үйгө чарчап барсаң, үйдүн жумушу күтүп жаткан болот. Азыр кудайга шүгүр. Азыркылар андайга чыдай алышпайт.

Согуш жылдары талаадан үшүп кеткен арпа, картошкаларды терип алып, эптеп оокат кылчубуз. Котур, кара тумоо болуп ооругандар болгон. Азыр үйдө кичине эле нан жок болуп калса балдардын кабактары бүркөлүп кетет. Илгери кичинекей бир нерсе берип койсо топук кылып журүшчү. Баары заманына жараша болуп жатат да. Ошондой күндөрдү көргөндө ичиңден тобоо кылып, бардыгына чыдамкай болот экенсиң», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×