Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуНарын району 19.06.2019 23:05

Айыл турмушу: Бектемир Исажан уулу жүзү менен нарындыктарды тамашага салат

Turmush -  Нарын шаарынын 26 жаштагы тургуну Бектемир Исажан уулу 7 жылдан бери музыкант болуп иштеп келет. Өзү сары болгондуктан аны көпчүлүк эл чет өлкөлүктөргө окшоштурушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бектемир Исажан уулунун кесиби информатика мугалими.

«Шаарыбыздагы Токтогул Сатылганов атындагы №1 орто мектебинде 9-класска чейин окуп, андан кийин ушул эле шаардагы педагогикалык колледжинен билимимди улантып, информатика мугалими адистигин алып чыктым. Бирок бул кесибим менен толук кандуу иштебесем дагы, учурда өзүмө жаккан иш менен алекмин. Тактап айтканда, шаар тургундарынын көңүлүндөгүдөй сүрөт чыгарып, кызмат көрсөтөм жана кичинекей кезимден бери кызыгып жүргөн хоббим менен алектенем.

Тойканаларда музыкант болуп иштеп калуума Каныбек деген таанышым түрткү болуп, экөөбүз 1 жылдай чогуу иштедик. Өзүм чет өлкөлүктөргө түспөлдөшүп кеткендиктен, иш үстүндө бир топ кызыктуу окуяларга кабылам. Тойканаларда ди-джейлик кызматын көрсөтүп жатканда айылдан келген меймандар өздөрүнө жаккан музыканы койдуруу үчүн мени көздөй жөнөшөт. Бирок мени көрүп, сүйлөй албай кетип калышат же болбосо орусча сөздү так айта албай кыйналышат. Мен да аларга сыр бербей орусча жооп берип коём. Андан кийин кыргыз тилинде ырдап чыксам, «сен кыргыз эле турбайсыңбы? Кыргызча эле сүйлөбөйт белең, мени кыйнабай» деп таарынгандары да кездешет.

Ал эми жогоруда айткандай сүрөт чыгарып, кызмат көрсөтүп иштеген жеримде мен жана дагы бир эже иштейт. Кардарлар киргенде мага эмес, түз эле жанымдагы кесиптешиме өтүп кетишет да «бул ыктыярчыны кайдан таап алгансыңар?» деп ага суроо узатып калышат. Мен болсо аларга тамашалап, «Россиянын Санкт-Петербург шаарынан келгениме 2 жыл болду» деп жооп берип койсом, алар кыргызча так сүйлөгөнүмө таң калышат. «Нарын жагып жатабы?» деп кызыгуу менен сурашып, кыргызча сүйлөгөнүмө ыраазы болуп кетип калышат (күлүп). Мындай окуяларга көп кабылам.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Эжелерим бири-бирине окшош, мен алардан айырмаланып турам. Негизи атама да, апама да окшошмун», - деди ал.

Бектемир Исажан уулу жубайы Гүлмейиз Канболот кызына баш кошконуна 2 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×