Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.06.2019 14:48

Кара-Көлдөгү Розакан Койчукараева жетектеген «Баластан» бала бакчасынын ийгилиги. Фоторепортаж

Turmush -  Кара-Көл шаарынын борборунда жайгашкан «Баластан» бала бакчасында жакшы шарттар түзүлүп, жамаат чоң ийгиликтерге жетишти. Мекеме 2015-жылдын январь айынан тарта балдарга тарбия жана билим берип баштаган.

Бала бакчада шаардык кеңеш жана мэрия тарабынан 300 орундуу 10 тайпа уюштурулуп, типтүү мекеме эки имараттан, эки кабаттан жана 4 блоктон турат. Долбоор 350 орунга ылайыкталып, борбордук жылытуу системасы менен камсыздалган жана электр энергиясы менен толук камсыз.

Учурда жалпы 45 кызматкер — 20 тарбиячы, тарбиячынын 10 жардамчысы, медайым, музыкант, орус тилчи 2 мугалим, чарба иштери боюнча кызматкер, 2 ашпозчу жана техникалык кызматкерлер эмгектенүүдө.

Бала бакчанын короосунда балдар ойноочу аянтчалар, клумбалар курулуп, бак-дарактар өстүрүлгөн. Облустук деңгээлдеги «Кадамыбыз балдар менен» деген темада чоң семинар да өткөрүлдү. Анда педагогдор, тарбиячылар интерактивдүү методдор менен сабак өтүү жолдорун көрсөтүп, облустук билим берүү борборунун ардак грамотасына ээ болушкан. Ал сабактардын иштелмелери «Кут билим» гезитине жарыяланды.

Ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата чоң семинар уюштурулуп, «Ч.Айтматовдун чыгармалары биздин бакчада» деген темада дубал гезиттер, көргөзмөлөр болуп, жазуучунун чыгармасындагы «Бугу эне» уламышы менен «Чыпалак бала» жомогу сабактарда сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Бала бакчанын жетекчиси Розакан Койчукараева эл агартуунун мыктысы, 45 жыл билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келет. Чоң эмгек жана тажрыйбасы бар адистин жетекчилигинде «Баластан» бала бакчасы түптөлүп, бутунан туруп, бүгүнкү күндө шаардагы эң мыкты бала бакча болду.

Р.Койчукараева мурунку Фрунзе шаарындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунан мектепке чейинки уюмдарда педагог, психолог жана методикалык адис адистигин алган. Ал эми эмгек жолу Кара-Көл шаарында 1974-жылы пионер башчысы болуп башталган. Андан соң Нарын ГЭСтин бала бакчасында мектепке чейинки даярдоо тайпаларында тарбиячы болуп бир нече жыл эмгектенди. Кийин шаардык билим берүү уюмундагы балдар бөлүмүндө инспектор болуп иштеп, №1 Токтогул мектебинде 15 жылдан ашык башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Бир топ ардак грамоталардын ээси, эл агартуунун мыктысы да болду.

Учурда «Баластан» бала бакчасы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карап, окутуу оюн аркылуу ишке ашырылат. Бакчада окутуу жана тарбиялоо иштери кыргыз тилинде жүргүзүлөт жана методикалык каражаттар жетиштүү. Тактап айтканда, балдар 480 сааттык жана «Балалык» методикалык программасынын негизинде базистик программалар менен окутулуп, тарбияланат. Музыкалык зал, директор, чарба иштеринин иш бөлмөлөрү, кир жуучу жай, ашканада бардык шарттар түзүлгөн. Уктоочу бөлмөлөрдөн баштап, балдарга сабак өтүүчү, тарбиячылар ойноочу, кабыл алуучу бөлмөлөр, коридорлорго чейин заманбап жасалгаланган.

Бакча техникалык каражаттар — сыналгы, DVD, микрофон, чаң соргучтар менен камсыздалып, имаратта ысык суу да чыгат.

«Бакчада наристелерге орус тил сабагы атайын түзүлгөн программанын негизинде жумасына 2 сааттан окутулуп турат. Ал эми музыка сабагынан балдардын музыкага болгон кызыгуусуна, бийге, кыймылдарга көңүл бурулат. Музыка сабагы аркылуу күз майрамы, жаңы жылды тосуу, айымдардын, мырзалардын, энелердин майрамы, Нооруз майрамы өңдүү салтанаттар уюштурулууда. Ал эми жылдын аягында мектепке даярдоо тобу «Кош бол, тобум» аземин өткөрүп, тарбияланган балдарды мектепке узатабыз.

Методикалык бөлмө даярдалып бүткөн. Мында ата-энелердин чогулуштары, педагогикалык кеңешмелер, тегерек столдор уюштурулат. Ошондой эле тарбиячылар отуруп иш кагаздарын жазышат. Методикалык бөлмө, директордун, чарба кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө ноутбуктар пайдаланылат», - деди жетекчи.

Педагогикалык кеңешме квартал сайын өтүп, 480 сааттык окутуу жана «Балалык» программасынын үстүндө жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө айтылат. Жаш адистерге шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жардамдар да берилип турат. Алардын сабактарына катышып, кеп-кеңештерди айтуу салтка айланган.

Тарбиячылар билимин жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаарында 10 күндүк окууга катышып келишет. Ал эми балдардын тамактануусу медайымдын көзөмөлүндө.

Бакчадагы ар бир кызматкердин өз ишин так, жоопкерчиликтүү аткарганы көзөмөлдөнөт. Июнь айында да эмгектенишип, наристелердин ден соолугун чыңдоо максатында суу процедуралары уюштурулат. Үйлөтүлгөн бассейндер да коюлуп, ар бир баланын бутун сууга салышат. Эгерде ата-энеси уруксат берсе сууга түшүрүп, тамактандырылат. Жайдын июль, август айларында бакчанын жамааты менен тарбиячылар эс алууга чыгат.

Шаардык мэрия тарабынан балдар ойноочу 4 аянча курулган. Аларда балдар убактысы менен ойношот. Анын айланасына туянын көчөттөрү отургузулуп, бак-дарактар курчап турат. Канаттуулар үчүн уялар да жасалып, бактарга илинген.

Ошондой эле «Финка» банкы тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, бөлмөнүн бирине шкаф жасатып беришкен. Быйыл спорт аянтча, футбол аянтчасы да жасалып, буга ата-энелердин жардамы чоң болду.

Бала бакчанын ички, сырткы жасалгасы үчүн ата-энелер чоң салым кошуп келишет. «Баластан» бала бакчасынын башчысы Р.Койчукараева жетектеген жааматы менен биргеликте ата-энелерге колдоп, жардам бергени үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×