Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАт-Башы району 17.06.2019 16:49 На русском

Ат-Башынын Ак-Муз айылында 20дан ашык окуучудан курт аныкталды. Ал эмне деген дарт?

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жыйырмадан ашык окуучудан альвеококкоз дарты аныкталды. Мындай маалыматты аймактык кабарчыга Ак-Муз айылына Бишкек шаарынан келген дарыгер Акбай Эркинбеков билдирди.

Текшерүү

Бишкектеги №1 шаардык ооруканасынын дарыгери Акбай Эркинбеков тажрыйбалуу 3 хирург-дарыгер менен кичи мекени Ак-Муз айылына эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын алдын алуу максатында келип, мектеп окуучуларын текшерүүдөн өткөрүштү. Анда жыйырмадан ашык окуучудан альвеококкоз дарты аныкталган. Дагы бирөө бул дарттын айынан операция болгон.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Иса уулу аталган дарыгерлер үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана айыл өкмөткө дагы маалымат беришпегендигин айтты.

Альвеококкоз дартын альвеококк курту козгойт. Курттун узундугу 1,2-3 миллиметрге жетет. Ал адамга мал-жандыктан, ит, мышыктан, жапайы жаныбарлардан жугат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×