Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуБакай-Ата району 16.06.2019 13:45

Бакай-Ата районундагы айыл өкмөттөрдүн ортосунда ыр кесе сынагы өттү

Turmush -  Кечээ, 15-июнда Бакай-Ата районунда ыр кесе сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун маданият бөлүмүнүн жетекчиси Бусурман Төлөбаев билдирди.

«Район ичиндеги айыл өкмөттөр арасында ыр кесе сынагын өткөрүп келгенбиз. Бүгүн биринчи айлампанын жыйынтыктоочу бөлүгүн өткөрдүк. Ошондой эле район ичиндеги «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» төш белгилерин алган апаларыбызды атайын сыйлыктар менен сыйлап, майрамдык маанай тартуулап бердик», - деди ал.

Ыр кесенин жыйынтыгы:

- 1-орун – Шадыкан айыл өкмөтү жана Ак-Дөбө айылы;

- 2-орун – Акназар айыл өкмөтү;

- 3-орун – Миң-Булак айыл өкмөтү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×