Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуМанас району 29.06.2019 14:41

Айыл турмушу: 8 жыл оору менен күрөшкөн Н.Сүйүналиеванын чеберчилиги

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 47 жаштагы тургуну Нурбүбү Сүйүналиева 2 жылдан бери кийимдерди тигип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Май айылынын кызы. 1994-жылы Кызыл-Жылдыз айылына келин болуп келген.

«Жолдошум экөөбүз 2 уул, 2 кыздуу болдук. Бирок тагдыр экен, жолдошум экөөбүз эми гана балдарыбыздын жакшылыгын көрүп, ысык чайын иче турган убагында шеригим 2008-жылы кайтыш болуп кетти. Өзүм 2005-жылы жаман ооруга чалдыгып калдым. Башыма балдарым жетим калабы деген ой гана келип туруп алды. Балдарымдын атасыз калганы аз келгенсип, эми мени дагы жоготуп алышса эмне болот деп, өзүмдү-өзүм аябай жеп жибердим. Акырындык менен ооруну жеңем деп өзүмө сөз бердим, жашоого тырыштым. Балдарга жөлөк болоюн дедим. Алар менин колума кол, бутума бут болушту. Жаратканым шыпаасын берип, 8 жыл дегенде ооруну жеңип чыктым. Оорудум деп жата берсең оору келе берет экен. Азыр болсо тыным жок, тытынып иштеп чарчайм. Түндө эч нерсени билбей жакшы уктайм», - деди ал.

Каарманыбыз кол өнөрчүлүккө кичинесинен эле жакын болгондугун эскерди.

«Кыз кезимден токуганга жакын болуп чоңойдум. Чоң энемдин токуганын көрүп, мен дагы токугум келчү. Кийин турмушка чыккандан соң көп нерселерди токуп акча таап жүрдүм. Кийин ден соолукка байланыштуу ал ишимди таштаганга туура келген. Эми 2 жылдан бери тигүүчүлүк менен алек болуп келем. Былтыр 15 миң сомго тигүү машинасын сатып алдым. Айыл ичинен, коңшу-колоңдон буйрутма алып, ар кандай кийимдерди тигип жүрдүм. Колума акча тийгенде сүйүнүп, кызыгуум андан да күчөй баштады. Мага тигүүчүлүк жакты, акча тапса болот экен дедим. Азыр болсо көптөр таанышат. Буйрутмалар айыл ичинен келип турат. «Жок дегенде кыскартып бериңиз же кошуп бериңиз» дегендер да келип турушат. Ал эми акча жагы чөнтөккө ылайыктуу. Үйгө, май-чайга кенен чыгып турат. Ошол эле убакта неберелеримди майрамдатканга да жетет (күлүп). Эң башында неберелериме кийим тигип баштагам. Азыр да бош учурда неберелериме кийим тигип отура берем. Өзүмдү-өзүм алаксытуу үчүн эң сонун жумуш. Эртеден кечке тыным жок», - деди ал.

Нурбүбү айым уул-кыздарынан 4 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×