Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Чүй облусу, Токмок 15.06.2019 11:03

«Баламды коркутуп, акча талап кылган»: Жаш кызды зордуктоого шектелген кошунанын апасы окуянын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 14 жаштагы кошуна кызды зордуктады деп айыпталган 41 жаштагы К.М.нын апасы баласы ак жеринен айыпталып жаткандыгын айтып чыкты. Аймактык кабарчы анын пикирин угуп кайткан.

Анын айтымында, зордукталды делген кыздын апасы шектүүнү коркутуп, акча талап кылган.

«Башында маалыматтар бир тараптуу гана чыгып, биз журналисттерге өзүбүздүн оюбузду айта албай калдык. Бул жерде акыйкатсыз иштер болуп жатат. Баламдын жубайы бар. Бирок балалуу боло албай келет.

Ал кошунабыз менен эшиктеш кошуна болуп жашайбыз. Жатаканадагы бир блоктун ичиндебиз. Бири-бирибизге дайыма колдоо көрсөтүп, буларда акча жок болсо менин балам берип, баламда акча жок болсо ал кошуна берип, эриш-аркак жашап келгенбиз.

Ал 6-июнь күнү кармалды. Ага чейин менин балам Бишкек шаарында иштеп жүргөн. Ошондо 2004-жылкы А.Ж.нын (жабырлануучу кыз) апасы өзүнүн кызын элден далдоо кылып, кантип, каякка алып барып жашырарын билбей, менин балама телефон чалган. Ал: «Кызымды Бишкекке алып барайын, ооруканага көрсөтүп кой» деп сураныптыр. Балам эшиктеш кошунабызга кантип жок дейт, макул деп айтат. Анан балам менен кыздын апасы экөө аны УЗИге көрсөтүшсө, боюнда бар деп чыгыптыр. Балама кыздын апасы «ушул кызды эми сен бир жакка алып барып багып, төрөгүчө каралашып тур. Кошуналар, мектептегилер, эч ким билбесин» деп ыйлап, жардам сураптыр. Балам жооп бере албай, бир азга ойлонуп туруп калса кыздын апасы коркутууга өткөн экен. «Эгер сен менин айтканыма көнбөсөң, мен анда сени зордуктап салды күнөөлөйм» деп айтыптыр. Менин балам «мен аны зордуктабасам эмнеге мойнума алам? Ал менин колумда чоңойгон кичинекей кыз да. Жок, мен аны мойнума албайм. Бирок жардам кылып көрөйүн» дептир. Ошондо УЗИге акчаны балама төлөтүп алыптыр.

Андан кийин дагы бир күнү кайра чалып, «Мен кызды боюнан алдырганы алып келдим. Сен келип атасы болуп кой. Эгер келбесең сенин үстүңдөн арыз жазам» дептир. Ага кошумча 15 миң сом талап кылыптыр. Ошентип балам барып, "бирок ичимден эгер бул аборт жасатып салса, кийин мени күнөөлөп койсо, бул бала меники эмес экенин, кызга мен тийбегенимди кантип далилдейм?" деп ойлодум дейт. Анан барып, «аборт жасатпай эле коюңуз, мен багып берейин» дептир. Ал эми сураган 15 миң сомун дагы бере албай калыптыр. Аңгыча аборт жасаган жерден кыздын жаш экенин билип калышып, милицияга чалып коюшуптур. Милициялар иликтеп, жабырлануучулардан сураганда алар менин баламды айтып коюшуптур. Ага чейин менин баламды даярдап алышкан экен.

Менин балам бейкүнөө жерден күнөөлөнүп жатат. Мен айтарым, менин баламды да соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, кыздын ичиндеги баланы текшерип, далилдеп бермейин бул иш менен аягына чейин күрөшөм. Эгер анализдер баламдыкы болуп чыкса анда балама «кылганыңа жооп бер» деп айтам.

Эч кандай далил жок, сот үйгө чыгарды. Ошол сотко рахмат. Анда дагы «сотту сатып алды» деп чыгышты. Мен жакыр үй-бүлөдө чоңойгом. Балдарды жалгыз багып өстүрдүм. Мен сотко бере турган эч нерсем жок. Менин сураганым эле акыйкат», - деди апасы.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 11-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Токмок шаарынын жашоочусу зордуктоого шектелип кармалгандыгын билдирген.

Маалым болгондой, 4-июнда Октябрь РИИБге аймактык ооруканадан 14 жаштагы кош бойлуу А.Ж. аттуу кыз тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын алдын ала маалыматына караганда, ал кыз Токмоктун 41 жаштагы жашоочусу тарабынан зордукталган.

Жабырлануучунун айтымында, 2018-жылы Токмоктогу үйлөрдүн биринде К.М. аттуу жаран аны зордуктаган. Анын кесепетинен кыз кош бойлуу болгон.

4-июнда Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 9-июнда ал райондук соттун чечими менен эч жакка кетпөө тил каты менен кое берилген. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында жабырлануучу өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап, уксус ичип алган. Жабыркаган кызды куткарып калышкан.

«Кош бойлуулук боюнча факт катталгандан кийин кыздын жакын тууганы укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тарткан», - деп айтылган маалыматта.

Ал эми укук коргоо органдары билдиргендей, кыздын апасынын кылмышка шектүүнү милиция кызматкерлери кое берди деген арызы чындыкка дал келбейт. Окуянын чоо-жайы аныкталууда. Ошондой эле тиешелүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×