Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.06.2019 18:14 На русском

Базар-Коргондо депутат менен жетекчи жакалашты: Талашканы 1 миллион сомбу?

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Теңирберди Жолдошов менен айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаровдун чырын милиция иликтеп жатат. Учурда айыл өкмөт башчыга прокуратура тарабынан «Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча иш козголуп, аны райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы окуянын чоо-жайын териштирди.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 8-апрелинде айыл өкмөт башчынын иш бөлмөсүндө орун алган.

Айыл өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Теңирберди Жолдошов: «8-апрелде төрт депутат иш бөлмөмө ккелип, айыл өкмөттөгү абал талкууланды. Ошол учурда Элдияр Жуманазаровго жер боюнча жалган маалымат берип жатасың деген пикиримди айтсам, ортодо пикир келишпестик орун алып, жакалаша кеттик. Депутат мага кол көтөрдү. Бөлмөнүн ичиндеги депутаттар бизди арачалап, Элдиярды сыртка алып чыгып кетишти. Мен аппараттын кызматкерлерин чакырып, жеринде акт түздүрдүм. Себеби бетим сыйрылып, мурдум канап кеткен. Маселе депутат иштетип жаткан фонддун карамагындагы 7 гектар жердин айланасында болууда. Анткени мыйзамдуулугун карап чыгуу үчүн өкмөттөн түзүлгөн атайын комиссия 10 жылдык мөөнөткө өздөштүрүү үчүн берилген жерде келишим боюнча талаптар аткарылбаганын таап чыгышкан. Мындан улам биз сотко кайрылганбыз. Депутаттар арыз жазбашымды суранышкандыктан мен депутаттын үстүнөн тийиштүү органдарга кайрылган эмесмин. Жуманазаров прокуратурага арыз жазыптыр. Мен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым», - деди Т.Жолдошов.

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаров айыл өкмөт башчынын бөлмөсүнө элдин көйгөйүн айтуу үчүн киргенин билдирди. Анан айыл өкмөт башчы андан акча талап кылган.

«Мен элдин өкүлү катары тургундардын көйгөйлөрүн айыл өкмөт башчыга жеткирүү үчүн барсам, айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө айылдык кеңештин төрагасы дагы бир кесиптешибиз менен сүйлөшүп отурган экен. Ошол учурда биз - үч депутат болуп кирип барганбыз. Т.Жолдошов мага карап "1 миллион сом ала келдиңби?" деп сурады. Бул тыйын маселеси 7 гектар жерге байланыштуу. Анткени 2018-жылы мен 7 гектар жерди аукцион аркылуу өздөштүрүү үчүн 10 жылдык мөөнөткө алгам. Баары мыйзамдуу жол менен бүткөн. Кызыл китеп алынган. Жердин документтерин бүт көрүп чыккандан кийин деле "Миллион берсең тийишпейм" деп айткан.

Иш бөлмөгө кирип барганда айыл өкмөттүн башчысы "мени элге тыйын сурады деп жарыялап жатыптырсың" деп тилдеп кирди. Ортодо кайым айтышуу орун алып, мени жакалап, муунтуп кирди. Мени депутаттар ажыратып кетишти. Мен прокуратурага тыйын талап кылгандыгын жана муунткандыгын айтып кайрылдым», - деп билдирди ал.

Арыз боюнча райондук прокуратура Жазык кодексинин «Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча айыл өкмөт башчы Т.Жолдошовго кылмыш ишин козгоп, учурда райондук ички иштер бөлүмү ишти карап жатат. Маалыматты Базар-Коргон районунун прокуратурасы тастыктады.

Ал эми Э.Жуманазаровдун үстүнөн жазылган арыз боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×