Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуБаткен району 12.06.2019 18:01

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычынын айланасынан 2 тоннага жакын таштанды тазаланды

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычында ишембилик уюштурулду. Бул тууралуу «Айгүл-Тоо жаштары» коомдук фондунун өкүлү Замир Сапар билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 50дөн ашык ыктыярчылар, студенттер катышты. Жыйынтыгында 2 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

«Баткенде туристтерге ылайыкташкан жерлерде ушундай тазалык акциясын өткөрүп жатабыз. Мындай иш-чаралар Лейлек, Кадамжай райондорунда да өткөрүлдү. Бул иш-чарага Баткен шаардык мэриясы колдоо көрсөттү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×