Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.06.2019 17:13

Жалал-Абаддын театр кызматкерлери Россияда спектакль тартуулап баштады

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад облустук Барпы театрынын кызматкерлери Орусияда эмгектенген мигранттарга Мар Байжиевдин «Адашкан адам» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган спектакль жана чакан концерт тартуулап башташты. Бул тууралуу театр кызматкерлери билдиришти.

Маалым болгондой, 14 адамдан турган чыгармачыл топ 10-июнда Россиянын Новосибирск аймагына барышты. Алар 12-июндан 8-июлга чейин Екатеринбург, Новокузнецк, Томск, Красноярск шаарларында жана Хакасиянын Абакан, Алтай Республикасынын Алтай шаарларында спектакль коюшат.

«Биздин чыгармачыл жамаатты Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркындай Тойтуков жана ал жакта туруктуу жашаган бир катар мекендештерибиз чек арада кармалганыбызга карабай тосуп алышты. Бул бизге чоң дем-күч болду», - дешет кызматкерлер.

Маалым болгондой, «Адашкан адам» спектаклин театр кызматкерлери буга чейин бир апта элге тартуулап, ага өкмөттүн облустагы өкүлү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери дагы күбө болушкан.

Жамаатты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Канышай Кадырова баш болгон бийлик өкүлдөрү, аксакалдар бата берип узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×