Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 12.06.2019 11:54 На русском

Айыл турмушу: Өзбекстанда чоңойгон Салима «Жыл мугалими-2019» облустук сынагында жеңүүчү болду

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 30 жаштагы тургуну Салима Эшаматова «Жыл мугалими-2019» облустук сынагында жеңүүчү деп табылды. Ал кубанычын аймактык кабарчы менен бөлүштү.

«Менин бул жеңишим күтүүсүздөн болду. Бул жеңишке жетишиме алган билимим, педагогикалык тажрыйбам жана эң негизгиси эмгек жамаатымдын колдоосу чоң түрткү болду. Бул бир гана менин эмес, райондук билим берүү бөлүмүнүн, мектеп мүдүрүбүздүн жана эмгек жамаатымдын ийгилиги.

Мен 1989-жылы Өзбекстан Республикасынын Самарканд облусуна (азыркы Жызак) караштуу Заамин районунун Жети-Кечүү айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 10 бир тууганым бар эле. Бир агам каза болуп калган. Атам 30 жыл эл агартуу тармагында эмгектенди. Мектеп мүдүрү дагы болгон. Учурда 72 жашка чыгып, ардактуу эс алуусун өткөрүп жатат. Апам болсо 69 жашта. Ал 20 жылдай мектепте ашпозчу болуп эмгектенген.

Ал эми атамдын ысымы Ахбута болуп калганынын себеби бар. Чоң атам 54 жашка чыккыча балалуу болбоптур. Ошентип ушул жашка келгенде атам төрөлүптүр. Төөнүн баласы ботодой болсун деп, Акбото деп койгон экен. Кийин документтерге Ахбута деп жазылып калган», - деди ал.

Салима Эшаматова Өзбекстандагы Эргаш Эшмурадов атындагы №23 орто мектепти 2007-жылы аяктаган.

«2008-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильевка айылына көчүп келип, жайгаштык. Атам мага «мугалим — кесиптин атасы» деп көп айтчу. Мен да ушул атамдай мугалим болсом деп кыялданар элем. Ошентип көксөгөн кесибиме жетүү үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башталгыч класстар мугалими факультетине бардым.

Эмгек жолум болсо 2012-жылы башталды. Аламүдүндөгү Васильевка №1 орто мектебине башталгыч класс мугалими болуп ишке кирдим. 2014-2019-жылдар аралыгында директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип, быйыл үй-бүлөлүк шартка байланыштуу уюштуруучулук иштерди тапшырдым. Азыр башталгыч класстын мугалими болуп гана иштеп жатам», - деди ал.

Жаш мугалим үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын апасы.

«Кайната, кайненемдин жалгыз келинимин. Үй-бүлөм мени ар дайым колдоп келет. Бош убактымда үйдө торттун түрүн жасаганды жакшы көрөм. Мектебибиздин сүрөтүн түшүрүп, торт жасаган болчумун. Аны көргөндүн баары суктанып карашты. Сынактагы мугалимдердин шык-талантын көрсөтүү тапшырмасында ушул чеберчилигимди көрсөттүм. Мындай торт жасоону Өзбекстанда атайын курстан окуган элем.

Мындан тышкары бош убактымда волейбол ойнойм, комуз чертем. Менин негизги максатым — окуучуларга терең билим берүү, ар бир мүнөттү туура пайдаланып бактылуу өмүр сүрүү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×