Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуЖайыл району 12.06.2019 11:02

Жайыл районунда жоголгон жаш балдар изделип жатат

Жайылский район
Жайылский район

Turmush -  2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылында жоголгон 3 жаштагы К.Т. аттуу жаш бала табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ӨКМден билдиришти.

Жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, ал сууга агып кетиши мүмкүн. 11-июнь күнү издөө иштерине жалпы 36 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле кечээ, 11-июнда Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын Бекитай айылында 2017-жылы туулган Т.Н. дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Дайынсыз жоголгон баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бала агып жаткан суунун жээгинде ойноп жүргөн. Издөө иштерине саат 18:12де ӨКМден 4 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×