Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуМосква району 12.06.2019 10:53 На русском

Айыл турмушу: Жүрөк оорусунан каза тапкан атасынын өнөрүн улаган Маргарита

Turmush -  Маргарита Ханафеева Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 52 жаштагы тургуну. Ал 1967-жылы райондогу Сретенка айылында төрөлгөн. Кесиби айдоочу, бирок сүрөт тартуу өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырган атасы Самарбектин талантына таазим этип, анын өнөрүн улап келет. Бүткүл эмгектерин өзү жетектеген көркөм өнөр борборуна топтойт. Анын жашоосу, кыл калемде жараткан чыгармачылыгы менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам Самарбек жүрөгү кармап, инфаркттан 47 жашында каза болду. Өмүрүнүн акырына чейин айдоочулук кесипти аркалап, бизди эч нерседен кемсинткен эмес. Өтө жөнөкөй, кээде түнт да эле. Көрсө, алыскы жолдордо жүргөндө көргөнүн көз алдына элестетип сүрөткө тартчу экен. Биз анын мындай тубаса таланттан жаралган кереметтүү сүрөттөрүн көп эле жолу көрүп жүрдүк. Бирок кезегинде маани бербептирбиз. Азыр ойлосом чоң сүрөтчү болгон экен. Ушул мезгилге чейин анын кайталангыс сүрөттөрү сакталуу. Мен кесибим боюнча сүрөтчүмүн. А.С.Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайын аяктагам. Адис катары атамдын тарткан сүрөттөрүн карап отуруп таң калам. Талантына таазим этем», - деди ал.

Маргарита Ханафеева Беловодск айылындагы балдардын көркөм өнөр борборун жетектейт. Ага 5 жаштан 17 жашка чейинки 15 бала тартылган. Ата-энелер да келишип, искусствонун сырлары менен таанышып турушат. Мени «кайсы улуттан болосуң?» деп көп сурашат дейт.

«Кадимки эле элеттик кыргыз кызымын. Балалыгым, окуучулук күндөрүм айылда өттү. Атам өзү Кепер-Арыктан болот. Бой жетип, жалал-абаддык Ринат деген татар жигитке турмушка чыккам. Бизди сүрөтчүлүк кесип табыштырган. Кудайга шүгүр, 2 уулум, 4 неберем бар. Жолдошумдун фамилиясы Ханафеев да. Ошондон улам Ханафеева болуп калгам. Тактап айтканда, Ханафеева Маргарита Самарбековнамын. Агам Азамат, сиңдим Вера экөө тең үй-бүлөсү менен Россияда.

Жаш балдарыбыз көркөм өнөргө машыксын деген максатта ушул борбордо иштеп жатабыз. Ал жерде карандаш, түстүү боёктор менен сүрөт тартууну үйрөтөбүз. Жабыштырып бир нерсенин турпатын жасоону да үйрөтөбүз (лепка). Ар бир бала талант тура. Биз күтпөгөн сүрөттөр ойлоп табылат. Мен да жашымда атамдын карандаштарын кармалап көп сүрөт тартчумун. Үйдөгүлөр тек гана жайыма койчу. Атам сапардан көргөнүн тартса, мен ойдон чыгарып жаратылышты, айбанаттарды, канаттууларды тарта берчүмүн. Колум ошентип машыгып, фантазияланган көрүнүштөрүм учурда реалдуу чындыкка айланып отурат.

Ар бир сүрөт идеяга ээ. Айрым сүрөттөр бүтпөс темага айланат. Ошолордун бири атамдын сүрөтү. Аны кадимкидей көңүлгө төп келгендей кылып өмүр бою тартат окшойм. Анткени, мен жашап турганда атамдын элеси дайыма жүрөгүмдө жашай берет», - деди М.Ханафеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×