Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.06.2019 16:44

Ала-Букада 20 жыл мурун курулган канал жаңыланып жатат

Turmush -  Ала-Бука районунда курулгандан бери тазалана элек каналдар жаңыланып жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, демилгени жергиликтүү жашоочулар ишке ашырып, ӨКМ колдоого алган.

«Учурда Балтагулов айыл өкмөтүндө тургундар мындан 20 жыл мурда казылып, сел суулары агуучу канал катары колдонулган, учурда жарактан чыгып калган каналды тазалап жатышат. Буга чейин жамгыр катуу жааганда Кара-Суу сел каналынан суу ташып, жергиликтүүлөргө зыяны тийип келчү.

Азыр бул маселе чечилип, ӨКМ 23 тонна 280 кг цемент, 8 диаметрдеги 816 кг арматура жана 10 диаметрдеги 2 тонна 348 кг арматура, шагыл төктүрүп берди. Ал эми айыл эли каналды куруу ишине тартылды. Учурда сел каналдын 250 метр жеринде курулуш иши жүрүп жатат», - деди Ала-Бука райондук социалдык-экономикалык өнүгүү секторунун башчысы Муратбек Узаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×